Видео – Долу Карамушкинанын добулбасы күч болду

Бүгүн, 10-октябрда парламентте Кой-Таш окуясы каралбаса дагы, сөз алып сүйлөгөн депутат Ирина Карамушкина долуланып, ал окуя боюнча бардык иштер мыйзамсыз болуп жатканын айтып, президенттин кабыл алуусун, өлкөдө эмне болуп жатканын түшүндүрүп берүүсүн талап кылды. Кайрадан парламентти “Атамбаевди колдоп келгенсиңер, сатып кеттиңер” деген баягы эле сөздөрүн жаадырып күнөөлөп алды. Депутатар Айнуру Алтыбаева менен Аида Касымалиева курман болгон жоокерди, анын энесин айтып, “а сиз телефонумду тартып алышты деп жүрөсүз” деп кагып коюшту. Карамушкина регламент бузулуп жатканын, анын сөзүнө эч ким комментарий бербеши керектигин айтып, дагы сөз сураганда, спикер Дастан Жумабеков микрофонун өчүрүп койду. Ирина Карамушкина демонстрация кылгандай жыйындан чыгып кетти. Кыргыздын сөзү бар беле: “Долу катындын добулбасы күч” деген, ошондой эле болду окшойт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *