ДССУ АКШнын вирустун жасалышы тууралуу билдирүүлөрүн айыптады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыккандыгы тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун билдирүүсүн чайкоочулук деп атады.

«Биз АКШнын өкмөтүнөн вирустун лабораториядан чыккандыгы боюнча эч кандай маалыматтарды же далилдерди алган жокпуз — андыктан биз үчүн бул билдирүү чайкоочулук» бойдон калууда», — деди уюмдун Саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан.

Ал 4-майдагы онлайн-брифингде Кошмо Штаттарды вирустун пайда болушу боюнча саясий эмес, «илимий» иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-майда жаңы коронавирус Ухандагы лабораториядан чыккандыгы боюнча «көптөгөн далилдер бар экенин» айткан.

4-майда Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы Помпеонун бул билдирүүсүн кескин сынга алып, мамкатчынын айткандары «толугу менен жалган» экенин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *