ДССУ: Түркмөнстанга баруу маселеси азырынча талкуу деңгээлинде

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Түркмөнстанга баруу маселеси талкуу деңгээлинде экенин билдирди. Уюмдун европалык бюросунун маалымат кызматы сапарды уюштуруу боюнча түркмөн өкмөтү менен күн сайын байланышып жатканын маалымдады.

Май айынын башында ДССУ түркмөн өкмөтүнөн расмий чакыруу күтүп жатканы айтылган. Чакыруусуз уюмдун эксперттери бул өлкөгө кире алышпайт. Эми уюм уруксат алганы менен учак каттамын уюштурууда кыйынчылыктар жаралганын билдирүүдө.

Түркмөн бийлиги 15-майда өлкөдө коронавирус инфекциясы жок экенин маалымдаган. Ошол эле маалда Каспий деңизинин жээгиндеги “Аваз” курорттук зонасында эс алууга чектөө киргизилди.

Өлкөдө коронавирус жөнүндө кеп кылууга тыюу салынган. Түркмөнстан Борбор Азия боюнча коронавирус жуктурган учур расмий түрдө каттала элек жападан жалгыз өлкө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *