Дубайда 21 жаштагы кыргыз жигит жетекчисинин кекиртегин бычак менен кесип, балка менен башка чаап өлтүргөн

Дубайда кыргызстандык 21 жаштагы жигит жетекчисин өлтүргөн деп айыпталууда. Бул тууралуу чет өлкөлү ММКлар жазып чыкты.

Кыргызстандык жаран Аль-Квоз өнөр жай районундагы гаражда иштечү. Айыптоочу тараптын айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айында ал жетекчисинен үйүнө учуп кетүүгө уруксат сураган. Бирок жетекчисин жигиттин учуп кетүү күнү канааттандырбай, уруксат бербей койгон. Мындан улам алардын ортосунда уруш чыккан. Ал жаш жигитти жумуштан алып, жумуш ордунан кетүүнү талап кылган. Бул кыргызстандыктын кыжырына тийген.

Сурак учурунда айыпталуучу кесиптештеринин жумуштан кетишин күткөнүн айткан. Ал эшикти бекитип, колуна бычакты алып жетекчисинин кекиртегин кесип салган. Ал эркектин дагы деле дем алып жаткандыгын көрүп, балка менен бетин жанчып салган. Медициналык экспертиза көрсөткөндөй, өлтүрүлгөн адам башына алты жолу, ал эми бетине 13 жолу жаракат алган. Канжалап жаткан сөөктү 20 мүнөткө дүкөнгө чыгып кеткен башка жумушчулар табышкан.

Жумушчулардын биринин айтымы боюнча, ал кан болгон чоң бычак тапкан. Окуядан бир күн мурун айыпталуучу жумуш ордунда жайгашкан байкоочу камералар иштейби же, иштебейби деп сурап кызыккан. Ошондой эле, алар эң акыркы жолу жетекчисин кыргыз жараны менен бирге көрүшкөн.

Жаш жигит окуя болгон жерден качып кеткендиктен, аны дароо кармаганга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Кийинчерээк ал аэропортко өлкөдөн чыгып кетүү үчүн баргандыгы белгилүү болгон, бирок рейстер жок болгондуктан учуп кете алган эмес. Кийинки күнү ал жигит мекенине кайтып келүүгө жардам берүү өтүнүчү менен консулдукка барган. Бирок, ал аларга эмне кылмыш кылганын айткан эмес. Ал дипломатиялык өкүлчүлүктүн жанынан кармалган. Ага атайылап адам өлтүрүү боюнча айып тагылган.

Кийинки сот отуруму 4-октябрга белгиленди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *