Дүйнө бештен чоң

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 1945-жылы II дүйнөлүк согушту жеңип чыккан өлкөлөр тарабынан дүйнөлүк тынчтыкты, коопсуздукту сактоо жана эл аралык экономикалык, коомдук жана маданий кызматташтыкты калыптандыруу максатында негизделген.

Азыркыга чейин БУУ “адилеттик жана коопсуздукту, экономикалык өнүгүү жана социалдык теңдикти эл аралык аренада баарына бирдей камсыздоону максат кылып алган дүйнөлүк мекеме” катары өзүн таанытып келет. Бул уюм жаңы түзүлгөн учурда 51 мүчө болсо, азыркы күндө 190дон ашты. БУУнун Коопсуздук Кеңеши 15 өлкөдөн турса да, алардын бешөө туруктуу мүчө болуп эсептелинет жана кабыл алына турган чечимдерди вето кылуу укугуна ээ. Бул өлкөлөр: АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия жана Франция. Коопсуздук Кеңешинин бир пикирге келип чечим кабыл алышы – үчүн 15 өлкөнүн жок дегенде тогузу добуш берип, буга кошумча жогорудагы беш мамлекеттин бирөө да каршы болбошу шарт.

Дүйнө жүзүндө саясаттын, экономиканын жана жалпы эле дүйнө элинин келечегин жана тынчтыгын камсыздоону жогорудагы беш өлкөгө эле байлап салуу канчалык туура? Булар канчалык адилеттүү болууда? Бул беш мамлекеттин катарына кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыгын ким коргойт? деген суроолор туулат.

Дүйнө лидерлеринин ичинен жогорудагы суроолорго жооп берген саналуу гана жетекчилер бар. Алардын эң таанымалы Түркия Республикасынын президенти Реджеп Тайип Эрдоган болууда. Анын “Дүйнө бештен чоң” деген сөзү акыркы убактарда маркага айланды. Дүйнө жүзүнүн тагдырынын беш өлкөгө көз каранды болуусун адилетсиздик деп баалаган Эрдоган, 1945-жылы негизделген БУУ өз максатына ылайык иш алып баралбай жаткандыгын сындап келет. Бул беш мамлекеттин монополиясы дүйнөнүн төрт тарабында болуп жаткан согуш, чыр-чатак, кан төгүүлөрдү алдын алуу жана токтотууда жетишсиз экенин жар салууда. Өзгөчө мусулмандар мекендеген Сирия, Ирак, Аракан жана Палестина сыяктуу аймактардагы бүтпөгөн зулумдар боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү чечимдерди кабыл албаганын сындаган Эрдоган, Коопсуздук Кеңешинин түзүмүн жана функциясын реформалоого чакырууда.

Түркиянын президенти 1945-жылкы түшүнүк менен курулган бул эл аралык уюмдун реформаланышы керектигин айтууда. Африка өлкөлөрүнүн жылдар бою карыздан башы чыкпай, ачкачылыктан кутула албай жатканын, эл аралык уюмдардын жана мекемелердин кылган жардамдарынын, жүргүзгөн саясаттарынын натыйжа бербегендигин баса белгилөөдө. Мисалы, экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки финансылык кризистерди жоюу максатында курулган “Дүйнөлүк Банк” үчүнчү дүйнө өлкөлөрүн кризистен куткаруунун ордуна, аларды карызга белчесинен батырып жатканы айтылууда. Максаты кризистен, жокчулуктан куткаруу болсо да, азыр Дүйнөлүк Банк дегенде эле карызкор кылуучу глобалдык финансылык мекеме эске келет. Ушуга окшогон фактылар күн өткөн сайын альтернативалык жолдорду издөө, жаңы метод менен иштеген эл аралык мекеме жана уюмдарды негиздөө түрткү болууда.

Түркия БУУнун куруучу мүчөсү катары тынчтык күчүн жана тынчтыкты калыптандыруу жаатында дүйнөнүн төрт бурчунда иш алып барууда. Кризиске дуушар болгон өлкөлөрдөн жакыр жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу БУУнун ишмердүүлүгүндө маанилүү роль ойноп келет. Дүйнөнүн төрт тарабын дагы түшүнбөстүк-келишпестиктердин чечилишинде Түркия өз милдетин аткаруудан эч качан баш тарткан эмес. Акыркы убактарда Түркия үнүнүн жетишинче Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, уюмдун өз милдетин так аткаруусуна чакырып келет. БУУга болгон эл аралык ишеним кана колдоо мындан да төмөндөп кете электе жана БУУнун абройу мындан да көп жабыркай электе, эң негизгиси азыркыдан да көп адамдын өмүрү кыйыла электе БУУ өзүндө керектүү реформаны жасашы абзел.

Тайип Эрдоган айткандай, Коопсуздук Кеңешке туруктуу мүчө болгон АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия жана Франциянын чындыкка жана адилеттүүлүккө шайкеш келбеген чечимдери дүйнө коомчулугунун көңүлүнөн орун табуусу мүмкүн эмес. Бул беш өлкөнүн гана дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин жана элдердин атынан сөз сүйлөө укугуна ээ болуусу дүйнөнүн калган өлкөлөрү сыяктуу эле Түркияны да кыжаалат кылып келет. Эң өкүнүчтүүсү, жогорудагы беш мамлекеттин монополиясына каршы Түркия ганан макул эместигин жана кыжаалатчылыгын айтып, тартынбастан БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоону талап кылып келет.

Түркия сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөр биригип,  БУУну реформалоону тездетүүсү зарыл. Дүйнө жүзүндөгү адилетсиздик, зулум, зордук-зомбулук жана кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн бул реформаны ишке ашыруу жана башка альтернативдүү жолдорду издөөнүн убактысы келип жетти. Себеби дүйнө жүзү бештен көп эсе чоң.

Майрамбек Жусупов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *