Дүйнө чемпионаты: Жалпы жыйынтык, арманда калгандар…

14-сентябрдан 23-сентябрга чейин Нур-Султан шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, анда 103 өлкөнүн миңден ашуун балбаны күч сынашып, алдыңкы беш орунду ээлеген 108 балбанга 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылды. Казакстандын борборунда өткөн дүйнө чемпионатындагы таймашууларынын жыйынтыктары, алдыдагы мелдештер  тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов баяндап берет.

Россия-лидер, АКШ –экинчи, Грузия- үчүнчү катарда

Казакстандын тарыхында Нур-Султан шаары биринчи ирет спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алып,мөрөй талашуулар курч мүнөздө өттү.  Дүйнө чемпионатынын эр-азаматтардын грек-рим күрөшү, эркин күрөшү жана айымдардын эркин күрөшү боюнча жалпы 30 комплект байгелүү орундар үчүн 103 өлкөнүн миңдей балбаны күч сынашты.

Ошентип чемпионаттын жыйынтыгында  командалык биринчи орунду  9 алтын, 5 күмүш жана 5 коло байге уткан Россия ээледи. Экинчи орунду 5 алтын жана 2 коло медалдын ээси болгон АКШ камсыз кылды. 4 алтын жана 2 коло байгелүү болгон Грузия өлкөсү үчүнчү катарга турду. Азиянын тааныткан Жапония 9 медаль утуп, анын үчөө алтын, үчөө –күмүш жана үчөө коло байге болду. Азербайжан-бешинчи, Түркия менен Украина- алтынчы орундарды ээледи.

Мурдакы дүйнө чемпионаттарында алдыңкы орундарда жүргөн Иран өлкөсү бул  ирет 8-орун менен чектелип, 1 алтын, 1 күмүш жана 5 коло байгелүү болушту. Венгрия- тогузунчу, Куба-онунчу орунду ээледи. Нур-Султанда бирден алтын медаль уткан Кыргызстан, Канада жана Түндүк Корея-11-орундарды камсыз кылышты.

Дүйнө чемпионатына күбө болуп келген Кыргыз Республикасынын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касеновдун  пикирине караганда Европанын айрым өлкөлөрүндө күрөшкө болгон кызыгуу солгундап, Азия мамлекеттеринде  кыз-келиндердин күрөшкө болгон дилгирлиги жогорулап баратат. Спорттук клубдарга, мектеп жана студенттик лигаларга басым жасаган АКШ мамлекетинде да спорттук күрөш  таасирдүү экенин дүйнө чемпионаты айгинелеп койду.

Жол алыстыгынанбы Америка жана Африка континентинен айрым гана мамлекеттердин балбандары Нур-Султан шаарына келип, күч сынашып көрүштү. Балким айрым өлкөлөр дөө-шаалардын чаңында калып, бекер убара болбой эле, континенталдык чемпионаттарда Токио олимпиадасына жолдомо алууну максат кылышты көрүнөт.

Оюн ээси Казакстан алтынга жетпей жайдак калды

-Дүйнөнү дүңгүрөтүп, Нур-Султан шаарында казактын меймандостук пейилин көрсөтүп, миңдеген күйөрмандарды тосуп, дүйнө чемпионатын жогорку деңгээлде өткөргөн оюн ээси Казакстандын өз жеринде жолу болбой алтын байгеге илинбей, 3 күмүш жана 4 коло медалы менен 14-орунга араң илинди. Казакстандык машыктыруучу, спорт адистеринин баамында, мелдешти уюштуруу иштерине көп көңүл бурулуп, спортчулардын дардыгы чийки болуп калгандай жана машыктыруучулардын деңгээли эл аралык талаптарга жооп бербей калган сыяктуу,- дейт Кыргыз Республикасынын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов.

Ошентип, дүйнө чемпионатына катышкан 103 мамлекеттен 33 өлкө гана байгелүү орундарды жеңип, ийгилик жарата алышты. Алардын катарында Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Айсулуунун жеңишинин урматына Кыргыз туусу обого көтөрүлүп, Кыргыз Гимни ойнотулганда жалпы кыргызстандыктар сыймыкка бөлөнүп турдук. Ушундай жеңиштүү көз ирмемдер 2020-жылы Токио олимпиадасында дагы улантылса деп тилек кылабыз.

Нур-Султандагы дүйнө чемпионатында оюн ээси Казакстандан сырткары күрөш өнүккөн миллиарддаган калкы бар Кытай, Индия, мурдакы дүйнө чемпионаттарында алтын байге утуп жүргөн Армения, Польша, Болгария, Италия, Германия, Монголия, Белорусия, Сербия, Швеция, Эстония, Румыния, Франция, Өзбекстан жана башка ондогон мамлекеттердин балбандары дүйнө чемпиону боло албай арманда кетишти.

Кыргыздын балбан кыздарынын келечеги алдыда

Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын 4 балбан кыз коргоп, мөрөй талашса, анын үчөө гана олимпиадалык категорияда күч сынашты. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы. Ал эми Мадина Надирова болсо олимпиадалык салмак категориясына кирбеген 55 килограмм салмакта күрөштү.

Нур-Султан шаарына аттанаар алдында кыргыз күйөрмандары  2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарында өспүрүм кыздар арасында дүйнө чемпиону болгон, жаштар арасында 2018-жылкы Азия чемпиону, 2018-жылы Индонезияда өткөн 18-Азия оюндарынын коло байге ээси Айпери Медет кызы менен быйыл жайында Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш, 16-августта Эстонияда өткөн өспүрүм кыздар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынып келген жаш балбаны кызыбыз Нураида Анаркулова  да Токио олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал дешип, үмүт кылышкан. Спорт адистери да ушул  эки балбан кызыбыздын даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору дешип, экөөнүн бирөө да  жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болоорун божомолдошкон. Бирок алар бул ирет жаштык кылышып үмүттү актай алышпаганы менен чоң тажрыйба топтоп, дүйнөлүк таймашуунун таасирин сезип келишти. Бул балбан кыздарыбыздын келечеги кең, алдыда дагы далай таймашуулары турат. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековадан таалим-тарбия алышып, аны үлгү, өрнөк кылышып, далай ирет кыргыз күйөрмандарын сүйүнтөт деген ишеним бар.

-Мындан тышкары жаракат алып калгандыктан жаштар арасындагы Азиянын үч жолку чемпиону, өспүрүм кыздар арасындагы дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси, Азия оюндарынын коло медалын уткан Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатына катышпай калды. Кудай буйуруп жаратынан жакшы сакайып кетсе, Мээрим да Токио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн келээрки жылы Азия чемпинонатына катышып калышы ажеп эмес.  Балким машыктыруучулар, спорт адистери кеңешип, 55 килограмм салмакта күрөшкөн Азия чемпионатынын коло байге ээси Мадина Надированы кийинки Азия чемпионатында 53 же 57 килограмм салмакта байкап көрүп, олимпиадалык жолдомо үчүн багын сынап көрүшөөр. Бул менен жеке пикирим. Бул жана жогоруда айткан дагы коомчулукка билинбей жүргөн таланттуу кыздарыбыдан дагы үмүттү үзбөй, аларга ишеним артып туралы, -деди Шаршен Касенов…

Грек-рим күрөшүнүн балбандарынан дале үмүт чоң…

-Мына ушул Нур-Султан шаарындагы мелдештерде грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары Каныбек Жолчубеков, Амантур Исмаилов, Узур Жусупбеков жана Мурат Рамонов Токио олимпиадасына жолдомо алалбай арманда келишти.  Бир гана “Дордой” спорт клубунун өкүлү Атабек Азизбековдун жолу болуп, 5-орунду камсыз кылуу мененТокио олимпиадасына жолдомо алды. Алдыда 2020-жылкы Азия чемпионатында жана дагы бир жолдомо алуучу континенталдык турнир бар. Грек-рим күрөшүнүн балбандарынан үмүт үзүп коюу эртелик кылат. Дагы таймашуулар алдыда турат, -деди Кыргыз Республикасынын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов.

Балким башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жана федерация жетекчилери кеңешип, 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн дагы башка балбандарды  дүйнө чемпонатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбеков, жаштар арасында дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров, жаштар арасында дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Акжол Махмудов, Калы Сулайманов, Азия чемпиону Руслан Царев жана башкаларды да сынап көрүүнү максат кылышы мүмкүн. Бул жигиттерден дагы үмүттү үзбөй, аларга ишеним артып туралы…

Кыргызстан эгемен өлкө болгону грек-рим күрөшүнүн балбандары 6 жайкы олимпиадалык оюндарга катышканы менен 2008-жылы Бээжинде гана Канатбек Бегалиев- күмүш, Руслан Түмөнбаев-коло байгелүү болушкан.

Башка балбандарды да сынап көрүү керек го…

Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын эркин күрөш мелдештерде кыргыз балбандары Улукбек Жолдошбеков, Нургазы Абдуразаков, Илгиз Жакыпбеков, Алигаджи Гамидгаджиев жана Магомед Мусаев Токио  олимпиадасына жолдомо албай, спорт күйөрмандарынын үмүттүн актай алышкан жок. Эмдиги жылы жолдомого жол ача турган Азия чемпионатына жана Эл аралык турнирге азыртан мыктылап даярдык көрүп, келечегинен үмүт жандырган башка жигиттерди да сынап көрүшөөр.

-Балким башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жана федерация жетекчилери  дагы башка балбандарды дүйнө чемпионатынын коло байге ээси  Эламан Догдурбек уулу, Саякбай Усупов, Алмаз Сманбековду,  жаш балбандар Атай Изабеков, Бекболот Мырзаназар уулу, Эрназар Акматалиев   жана башкаларды да  келечекте олимпиадалык салмак категорияларында сынап көрүүнү максат кылышы мүмкүн. Бул жигиттерден дагы үмүттү үзбөй, аларга ишеним артып туралы, -дейт Шаршен Касенов.

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти, генерал Мелис Турганбаев Нур-Султандагы дүйнө чемпионаттарындагы кыргызстандык балбандардын таймаштарын талдоого алып, каталыктарды эске алуу менен кийинки беттешүүлөргө даярдыкты азыртан баштап, адистер менен кеңешип, бир жыйынтык чыгарат деп ишеним артып, үмүттү өчүрбөй туралы.

Кыргызстандын тарыхында эгемен өлкө болгону эркин күрөш боюнча Кенжебек Өмүралиев, Базар Базаргуриев жана Эламан Догдурбек уулу гана үчүнчү орундарды камсыз кылышып, коло байгелүү болушкан.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону эркин күрөшүнүн балбандары 6 жайкы олимпиадалык оюндарга катышканы менен 2008-жылы Бээжинде Базар Базаргуриев  гана коло байгелүү болгон. Анын багына күмүш байге уткан украиналык балбандын кызытма (допинг) колдонгону кийин аныкталып,  коло медаль уткан жапон балбанына  украиналык балбандын күмүш медалы ыйгарылып, 5-орунду камсыз кылган Азия чемпиону Базар Базаргуриевге расмий түрдө коло байге былтыр гана ыйгарылды.

Өзбекстанга жолдомо утуп берген кыргызстандык балбан

Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Хасан Рахимов 125 килограмм оор салмакта коло медаль утуу менен Өзбекстан мамлекетине 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомо алып берди.

1998-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулуп өсүп, жашында күрөш менен таанылган Хасан Рахимов Кыргызстандагы мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп жүргөндө спорт адстеринин  көз жаздымда калган.  Ошондой эле ага атаандаш болуп, чеберчилигин жогорулатуу үчүн өнөктөш балбандар да жоктугунан Өзбекстандагы спорт жатак мектебинен билим алууга мажбур болгон. Агасы Хусан экөөнү алардын атасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Ахмат Рахимов машыктырып, күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөткөн.

–  Кыргызстанда  оор салмактагы өнөктөш балбандар жок болгондуктан Хасан менен агасы Хусан Өзбекстандагы спорт жатак мектебинен билим,таалим-тарбия алууга мажбур болуп, алар менен келишим түзгөн.  Ошентип Хасанды  17 жашында Өзбекстандын жаштар командасынын курамына кабыл алышып, алардын намысын талашып, 2015-жылы өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байге, 2016-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Ал эми 2017-жылы уландар арасында Азия чемпиону аталган. 2018-жылы жаштар арасында дүйнө жана Азия чемпионаттарында дагы байгелүү орундарга жеткен эле, -деди Шаршен Касенов.

Табына келип турган  21 жаштагы Хасан 2019-жылы Минск шаарында өткөн олимпиада чемпиону Александр Медведдин байгесине арналган эл аралык турнирде да жеңишке жетишкен.  Ошентип Хасан Рахимовдун Нур-Султан шаарында багы ачылып,коло байге менен кошо Токио олимпиадасына жолун ачты. Кыргызстан 125 килограмм салмакта дүйнө чемпионатына балбан алып барган эмес.

Дүйнө чемпионатында байге уткан кыргызстандыктар

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаттары 1904-жылдан бери, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаттары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келатат. Ал эми кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары 1987-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.

Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары 1993-жылы Швециянын борбору Стокольм шаарында өткөн дүйнө чемпионатына эгемен өлкө катары алгач ирет катышкан.

Дүйнө чемпионаттарында даңазалуу балбан Канатбек Бегалиев жана Жоламан Шаршенбеков- күмүш, Раатбек Санатбаев менен Данияр Көбөнов –коло байгелүү болушкан.

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатына кыргыз балбандары алгач ирет 1994-жылы Түркиянын Стамбул шаарында катышып, СССРдин жана Европанын чемпиону Кенжебек  Өмүралиев коло медаль утуп, байге эсебин ачкан. Эркин күрөштөн Кенжебектен кийин Алексей Крупняков менен Базар Базаргуриев коло медаль тагынган. Эгемен өлкө болгону эр-азаматтар жетпеген алтын медалга  быйыл Айсулуу Тыныбекова жетип, Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча алгачкы дүйнө чемпиону аталды. Спорттук бийиктикти багындырган Айсулуунун жетишкендиги башкаларга үлгү, өрнөк болуп, жаштардын спортко кызыгуусун ойготуп, жагымдуу маанай жаратты.

-Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, эгемен өлкө тарыхында дүйнө чемпионатынын алтын медалын уткан Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, даңазалуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова да болуп, алтын байгеге менен бирге дагы Токио олимпиадасына жолдомо алып, кыргыз журтчулугун кубанычка бөлөдү. Кыргыздын кыз-келиндер эркин күрөштүн деңгээли өсүп, даярдык мыкты болгонун Айсулуу айкын  көрсөтүп, эр-азаматтар жетпеген спорттук бийиктикти багындырды. Айсулуунун бул жеңишке жетүүсүнө Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, башкы устат Нурбек Изабековдун, улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаевдин салымдары, мээнети тоодой. Айсулуунун жеңишин Президентибиз Сооронбай Жээнбеков дагы баса белгилеп, дароо  куттуктап, Бишкектин чак ортосунан 3 бөлмөлүү батир тартуулап, дагы спорттук бийиктиктерге шыктандырып койду. Анын негизги олимпиадалык таймаштары алдыр турат. Айсулуу далай жаштарга үлгү, өрнөк болуп, спортко болгон кызыгууну ойготуп койду,-деген пикирде Кыргыз Республикасынын Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов.

Алдыда дагы далай таймаштар, түйшүктүү күндөр турат…

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *