Дүйнөлүк банк: Тажикстанда жаштардын 40% жумушсуз

Дүйнөлүк банк Тажикстанда жаштардын 40% жана аялдардын 27% жумушсуз экенин жарыялады. 14-февралда жарык көргөн иликтөөгө ылайык, жаңы жумуш орундарын түзүү маселеси эмгек рыногундагы талапка жооп бербейт. Тажикстанда калктын саны өсүүдө жана 2030-жылга карата 11,5 миллион кишини түзөрү болжолдонууда.

Дүйнөлүк банктын эксперттери белгилешкендей, жумушсуздук маселеси аялдар менен жаштар арасында курч. Өлкөдө айымдардын 27% гана иш менен камсыз, бирок жумушсуздуктун эң эле жогорку көрсөткүчү жаштар арасында – 40% түзүүдө.

Баяндамада айтылгандай, маселени жеке секторду өнүктүрүү менен чечүүгө болот. Бул учурда калктын бир бөлүгү жумуш менен камсыз болуп, базарларды жергиликтүү продукциялар менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *