Дүйшөмбү “Жуковский” аэропортунун каттамдарына уруксат берди

Орусия жана Тажикстан 7-ноябрда Москада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен аба байланыштарды  толугу менен өнүктүрүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери билдирүүдө.

Орусиянын Транспорт министрлиги кабарлагандай, Дүйшөмбү “Жуковский” аэропортунан учкан каттамдарды кабыл алууга макул болду.

Буга чейин Орусиянын транспорт министрлиги Москванын көз карашы өзгөрбөй турганын, Тажикстан орусиялык бардык авиакомпаниялардын каттамдарын кабыл алышы керектигин билдирген.

Эгер талаптар аткарылбаса, Москва 8-ноябрдан тарта Тажикстан менен аба байланышын токтото турганын эскерткен.

Тажик тараптын ырастоосунда, “Жуковский” Москва шаарынын авиациялык түйүнүнүн төртүнчү толук функционалдуу аэропорту болуп калды. Мындан улам Дүйшөмбү менен Худжанд линиясы аркылуу Орусия бир тараптуу турдө каттамдардын санын көбөйтүүдө. Буга байланыштуу аба байланышы боюнча өкмөттөр аралык келишимди кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *