Дүйшөмбүгө Түркия ТИМ башчысы келет

Түркия ТИМинин басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин башчысы Мевлүд Чавушоглу Ташкент жана Астанадагы сапарынан кийин 21-октябрда Дүйшөмбүгө келет. Ал Тажикстандын президенти жана ТИМ башчысы менен жолугат.

Жолугушуу учурунда саясий, экономикалык, соода жана аскер мамилелер боюнча сүйлөшүүлөр болот. Түрк бийлиги маалымдагандай, сапар алкагында “эки тараптуу кызматташтык, аймактагы жана дүйнөдөгү азыркы абал” талкууланат.

Мындан тышкары Түркия президентинин Тажикстанга сапарын уюштуруу маселеси да каралышы мүмкүн.

Тажикстандын Анкарадагы элчилиги түрк ТИМ башчысынын Дүйшөмбүгө болгон сапарынын максаты туурасында жооп берип жатып, Түркия Тажикстандын дүйнөлүк аренадагы маанилүү өнөктөшү экенин баса белгиледи. Саясий, соода-экономикалык жана маданий багыттарда кызматташуу – Тажикстандын тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүнүн башкы максаттары.

Кытай, Орусия жана Казакстандан кийин Түркия Тажикстандын эң ири соода өнөктөшү болуп эсептелет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *