Дүйшөмбүнүн жашоочуларына борбордо өзүн алып жүрүү эрежелери үйрөтүлөт

Дүйшөмбү мэриясы борбордун тургундарынын жана конокторунун арасында шаардык жашоо образын даңазалоо үчүн атайын топ түзүүнү чечти. Калаа башчысы Рустам Эмомалинин көрсөтмөсүнө ылайык, топтун мүчөлөрү шаардын бардык аймактарында болуп, элдерге мегаполисте кантип өзүн алып жүрүү керектигин түшүндүрүшөт.

Мэрдин көрсөтмөсү социалдык түйүндөрдөгү айылдыктарга шаарда жашоого тыюу салуу жөнүндө талкуудан кийин чыкты. Өткөн аптада шаардык мажлистин депутатынын бири президент Эмомали Рахмон жана калаа жетекчилери менен жолугуу учурунда кыштактан келгендерди тескөө зарылдыгын, алар мегаполисте жүрүү тартиптерин билбей тургандыгын айткан.

Бул социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга жем таштаган. Көпчүлүк пикирлерге караганда, Дүйшөмбү шаарынын басымдуу жашоочусу, анын ичине белгилүү окумуштуулар, жазуучулар, дипломаттар айылдан чыккан. Депутаттын сунушу ар бир жаранга жашай турган жерин өзү тандаганга укук берген Конституцияга да каршы келери айтылган.

Бул арада айрымдар аймактан келгендердин көптүгүнөн борбор калаа чоң айылга айланды деп кайгырышууда.

Дүйшөмбүдө уруксатсыз ири жана майда мал жандыктарын, канаттууларды кармоого, көбөйтүүгө болбойт жана бул учурда айыппул салынат.

Булак: Борбор азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *