Дүйшөн Керимов: “Аскар Акаев Ала-Тоого эми 26 жылдан кийин келсе болоор…”

– Дүйшөн аке, өткөндө Т.Ус убалиев жөнүндө пикириңиз жарыяланды. Анда алгачкы президент А. Акаев жөнүндө да айтылыптыр…

– Түшүнүктүү. Мен айрымдарча эзмелебей кыска айтсам. Акаев “келем…” десе, азыр Москвада жатып алып, “Воздушный поцелуй” жөнөтпөй эле кезинде эки бир боор агасына топурак салганы келсе, “Манас” аэропортунан түшөрү менен Кыргыз жер кыртышын тизелей өөп, курун мойнуна сала эл-журттан кечирим сурап, адаттагыдай “канайым апче” ак элечек, өзү ак калпак кийип түз эфир аркылуу жаркылдай ийилип турса, жыланга да ак чачып узаткан айкөл кыргыз кечирип жиберер беле… Анткенге Акаевдин духу, рух дарамети жеткен жок. Андай касиет жөрөлгө балким канында болгондо, дээрлик 15 жыл ойгелди башкарган Кыргызстан мамлекетин таштай да качмак эмес. Тагыраагы, андай бала-чакасы менен түгөл бирге сырактап качканга ал кезде алгачкы президентке оголе олуттуу коркунуч, кашайтаар каардуу коогалаң да болгон эмес. Ошентип, эл-жерин таштай качмай жосунсуз жөрөлгөнү ошол алгачкы президентибиз алгачкы ирээт баштап бербедиби, атаңдынгөрү…

– Тарыхтагы эл башчыларында андай качкындары болгон эмеспи?

– Улуу “Манас” баш болгон оозеки адабият, санжырадан маселен мен кездештирген жокмун. Жакынкы тарыхты алсак, бир кылымга созулган Калмак-Ойроттун калайман чапкынында Көл башындагы Белек бийдин карамагындагы уруулаш туугандарынан башка аркалык кыргыздардын дээрлик бардыгы түштүк тарапка ооп, кырылгандан калганы башчылары менен бирге Тажик жерине чейин качып барганы чын. Андан берилесек, Абылайхандын чабуулунда Таластын Капкасындагы Садырхан, Чүйдөгү Жайыл баатыр карабашын ала качпай душман колунан өлүшкөн. Ал эми Ормонхан менен Алымбек датка деле кыйын кырдаалдан чымындай жанын ала качып, асыл башын аман-эсен алып калганга эң эле соонун ыңгай шарты болуп турса да, кашайып ал “мүмкүнчүлүктү” пайдаланышкан жок да. Анткени алар нагыз тектүүнүн тукуму эле, ата уулу эле, эрк, намыс, нарк канында жетиштүү “дозада” эле.

– Эми аксакалдар баш болуп, “Айкөл Манастын тукуму элек, биз да айкөл бололу, “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деп, кыргыз бекер айткан эмес. Кечиримдүү бололу, Аскар Акаевичти алып келели!” деп атышпайбы…

– Аксакалдарың ким? Аттиң, жашы улуу болгондун башы да улуу, акыйкат, калыс, кеменгер болсо жарашаар беле… Болуптур, мына ошол Акаевчил аксакал академик ава, акелердин басма сөзгө жарыяланган ой-пикирлеринен айрым-айрым мисал келтирели да, жооп берип көрөлү. “…Өзүм ишиме байланыштуу ар айда ондогон, жүздөгөн адамдар менен сүйлөшөм. Көбү региондордон келишкен бейтап кишилер. Кокустан жогорку бийлик жөнүндө сөз болсо, алардын токсон пайыздан ашыгы Аскар Акаевди жактыра турганын байкадым. Элибиз анын эмгегин унутпайт, баалашат…” дейт, академик жана Эл баатыры Мамбет Мамакеев.

Сөз жок, Мамбет авабыз өттүн диагнозун тапатак коё билген классикалык деңгээлдеги хирург. Бирок, ардактуу доктурубуздун саясий жактан койгон “диагноздору” дайыма эле туура чыга бербегенине эл деле ашмалтай катары кабыл алып көндү го. Өзү да эч тажабайт экен жарыктык, эмне болсо да узак жашап, күүлү жүргөнү бизге үлгү.

“Аскар Акаев бүгункү күндө дүйнөдөгү алдыңкы он окумуштуунун катарында турганы биз үчүн өтө сыймыктуу факт. Ал багындыра элек жалгыз Нобель сыйлыгы гана калды. Буюрса, аны да алат деп ишенебиз.

Ошону менен бирге Аскар Акаевдин Эгемен Кыргыз мамлекетин түптөөдөгү зор эмгегин биз унутсак да, тарых унутпайт. Мен Акаевди Кыргыз элине эмгек сиңирген жагынан да, анан куугунтукталган жагынан да кыргыздын улуу инсандары Исках Раззаков менен Турдакун Усубалиевге салыштырам. Белгилеп кетсем, Раззаковду да, Усубалиевди да Аскар Акаев президент кезинде реабилитация жасаган. Эми ушундай улуу инсанды “Кыргызстанга кайтып келсин. Ага бийлик уруксаат бериш керек” деп жаткандарга, албетте рахмат. Мына, “биз парламенттик өлкө болдук” деп жатабыз. Демек, азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, анын иш-чараларын бекитип, коомчулуктун өкүлдөрүн катыштырып, рамий тосуп алуусу зарыл…” дейт, академик жана Эл баатыры Миталип Мамытов.

Да… кудум Батукаевди кызыл килем менен узаткандай Акаевди тосуп алат экенбиз да… Ооба, Миталип акемди тээ Бакиев бийлиги учурунда “Мээлердин дөө дарыгери” деген темада макала жазып, эчендерге берилип аткан “Эл баатыры” наамын берүү демилгесин сунуштаганым эсте. Жанакемдин таланттуу дарыгерлигин, бийик адамгерчилигин азыр да жазгым келет. Бирок, Акаевдерди буларчылап түшүнүүгө келгенде мен кембагалдын мээсинде мандем барбы деп, шүйшүнө да түшөт экенсиң, кысталактыкы… Болбосо, Раззаков, Усубалиев ким да, Акаев ким? Ким-кимди куугунтуктаган да, ким-кимди реабилитациялаган? Капырай, логика болбосоң коё кал, эй!

“…А. Акаевди жактырбагандар анын окумуштуулук кесибинен улам “кокусунан Президент болгон” деп айтышат. Чын эле ушундайбы?

Биринчиден, анын теги, каны жөнөкөй эмес: Тагай бий, Атаке бий, Жантай хан, Шабдан бийлердин тукумунан…” дейт академик Абдыганы Эркебаев.

Абдыганы акебиз бул жагын так билбей турганын биз да так айтып коёлу, Акаев Сарыбагыш уруусунун курамындагы “Абыла” деген уруктан, демек ары жагын айтпаганда да Атакеден Карабек, андан Жантай баатыр, андан Шабдан баатырга дегеле жакындыгы жоктугун дал ошол чоң-кеминдик аксакалдар айтып берген.

– Дүйшөн аке, кыскасы сиздин Акаевди келтирер оюңуз жокпу?

– Бегиш аке Аматов айткандай, бери кара үка, менин “жараатым” жеңил, бирок “Кыргыздын кысасы – кырк жылда” эмеспи…

– “Кысасы” деген – өч, кек дегенди түшүндүрөт да, туурабы?

– Андай мааниде да айтылат. Бирок, эң эле туурасы эсеп-кысап же отчёт алуу маанисиндегиси туура. Улуу “Манаста” кайра-кайра айтылган “Атаңдынгөрү дүнүйө, эсептешээр күн келер…” же “Эсире берсе эссиз кул, эсебиңди табайын…” деген кекээр маани ошондон улам как-маңдайга суроо болуп жаңырып келет. Өзүң ойлочу, алгачкы президенттин пайдасынан зыянын салыштырууга эле эмне деген нерв керек, баатыр? Эсепсиз байлык, мүлк, мал-теге, жердин да корогонун, бүлүнгөнүн, тонолгонун, жаштардын тентигенин мындай эле кой, кечээ “Баткен окуясынын” баланча жылдыгында ачык айтылып атат, андагы үркөрдөй жоонун колунан, фантазёр Акаев “Орто Азиянын Швейцариясына айлантам!” деп, кароосуз калтырган аскерлерден канча кырчындай жигиттер окко учту. Боспиекте баштыгына нан көтөрүп бараткан беймарал адамдардын атылганычы? Кыскасы, он беш жылдык Акаевдин ар тараптан чалган “боткосун” андан бери он беш жылга чамалап баратат, аш кыла албай, же телчигип кете албай өчөйүп отурабыз го…

Ооба, кыргыз кечиримдүү, айкөл эл го, дүйнөдө сейрек кездешер “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген өтө гумандуу макалдын да автору го. Бирок, эсиңде болсун үкө, ал макал пайда болгон доор менен бүгүнкүнү салыштыруу орой айтканда, алжыгандын иши. Эсеби маселен, соңку бир кылым аралыгында эле кыргызды төмөндөгүдөй үч этапта, үч башка, үч көз карашта анализдеп, баалап, мамиле жасап, максат коюу керек. Биринчи, улуу “Үркүнгө” чейинки, экинчи, социализм доорундагы, үчүнчү, эгемендиктеги жана эртеңки Кыргыз. Ата-бабаларыбыз мындан туура 155 жыл илгери аргасыз кол сунуп, ошондон бери карай ар кандай кырдаалдарда тагдырлаш болуп, мамиле-алака тамырыбыз тереңге кеткен Орус эли да ошондой, ак падышалык орус башка, социалисттик орус башка, демек, бүгүнкү орус башка. Кеменгер калемдеш агабыз Салижан аке айткандай, Кудай Оруска тезирээк оомат берип, экономикасы оожалып гүлдөп кетсе, биз да илээше ээрчий оңолуп кетерибиз мүмкүн эле… Анткени, “Тай туйлап такка чыкпайт” дегендей Батыштын өнүккөн өлкөлөрүн өнтөлөй сокур туурап, мөңкүп, желпилдеген менен географиялык да, тарыхый да шарт, мүмкүнчүлүк кайсы бир деңгээлде буттан тушап, бекем матап турат экен да. Андан өөдө болуунун, Кудай берген эгемендиктин абасын кенен, эркин, узак-узакка дем алып, жакшы жашоонун жана айланабыздагы азулуу мамлекеттерге теңата, өнөктөш, шериктеш өнүгүүнүн жалгыз төтө жолу – заманбап илим-билимдүүлүккө таянуу менен ашкере айлакер – дипломатиялык өнөргө каныгуу экен да.

Ал эми Акаевге келсек, анын колунан кызмат-амал, наам алып же “Өңдү көрүп жүзү тайган” кубулма мамилесине “түбүөлүк” арбалган эски гвардиянын “Акаев келсин!” деген ариясына эле кыргыз эли түгөл кошулуп кетеби? Мен деле ачуусун алты кадамдан ары унуткандардын уркуна кирем го, бирок Акаев келсе, Бакиев келеби? Атамбаевди кайрадан ызы-чуулуу айгай менен абактан чыгарабызбы? Кеп ушунда баатыр, “Бүкүрдү мүрзө түзөйт” демекчи 40 жылда да же өлүп кетмейинче өзөктөн өчпөй турган, көңүлдөн кетпей турган каталык, күнөө, милдет, жоопкерчилик болоорун, далай тири-шумдук кайгы-муң, трагедияларды тагдыр жазмышынан өткөргөн эзелки элдин мына ушундай кээ бир көөнөрбөс, күн тартибиндеги макал-лакап, накыл кеби кайра-кайра айтып турат экен. Демек, узун сөздүн кыскасы жөө жомоктогудай ойдо жоктогу оомал-төкмөл окуялар эле болуп кетпесе, 2005-жылы элинен безген Аскар Акаев Ала-Тоого дагы 26 жылдан кийин келсе болоор деген болжолдо ой жүгүртсөк олуялык да эместир…

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *