Дүйшөн Керимов: “Балалыктын “Турсам – ​өлөсүң!” өнөкөтүнөн өтүшүбүз керек”

-Дүйшөн байке, басма сөздөгү калемдеш инилериңиздин “согушун” окуп атсаңыз керек, ээ…

— Билесиңби карындашым, мен кийинчерээк биртике тыйынымды аяп, баягы кездердегидей китеп, гезит дегендерди кубалап сатып албай калгам. Андай акыл-ой керектөөлөрүмдү китепканага аптасына бир-эки жолу барып толуктамыш этем. Бул бир, экинчиден, дегеле жазуу өнөрүнүн деңгээли аябай төмөндөп кетти. Алакандай биз эмес, дүйнө бүткөндүн баары азыр рухий кризиске батып барат. Ал эми өзүм аз-маз аралашып жүргөндөн кийин “Жаңы Ордого” жарыяланган “улак тартыш” боюнча кабарым бар.

— Анда аларга калыс сөзүңүздү айтып койбойсузбу?..

— Менин сөзүмө ким муктаж? Мейли эмесе, мынча болду алыбыздын жетишинче айтып да көрө береличи… Береги эгемендик делген жыйырма жети жыл аралыгында — ​өз алдынча мамлекеттүүлүктүн пайдубалы тикеленип жаткан алгачкы мезгилдин дээрлик он беш жылын каалагандай калчап башкарган Акаевдин таз кейпин башыбызга ширедей кептеп, анын арсаңбайлыгын кадимкидей салтка айландырып алганыбыз биз шордууну ушундай трагедияларга байкатпай жетелеп келатат. Падыша сөрөйүң, “Бергенин ала бергиле да, урнага барганда өз билгениңерди кылгыла” деп, насаат айтып жатса, же “Уурулар ак үйдүн жетинчи кабатына чыкты… Силерди Манастын арбагы урсун!” деп ыйламыш болуп туруп, а кылган-эткени теңирден тескери — ​сан миллиондогон мал-мүлк, завод-фабрика, мекеме-ишкана тургай бала-бакчалар салыштырмалуу айтканда тыйынга сатылып — ​тонолуп, катыны баштап үй-бүлөсү, урук тууганы бүт бойдон ошол кандуу булоон бүлгүндүн анабашында туруп, а караламан элиң, молдокелер айткандай билип-билбей аргасыз “күнөөгө” батып бербедикпи…

— Койсоңузчу, элде эмне күнөө? Ошол эл болгон үчүн эки жолу революция кылдык го!

— Ээ карындашым, ошол баарыбыз желпилдеп жүргөн “элдик революциялардын” майнабы кана? Болуптур, “элдик” дейли, бирок баягы эле саясаттын асманында айланган эки жүздөй “кузгундун” оозу май, а элиң тентип-тербигендин үстүндө…

— Эми байке, бу сиз айткандардын биздин баштапкы тема — ​журналистердин талаш-тартышына эмне тиешеси бар?

— Жүда тиешеси бар, карындашым. Ошол салтка айланган Акаев бүлгүнүнөн — ​демократия атын жамынган анархия, рынок атын жамынган жапайы базар… турмушу баарыбызды уурулукка, жалганчылыкка, кош жүздүү кошоматчылыкка, кыскасы нарксыздыкка жана арсыздыкка ойда үйрөтпөдүбү. Ооздон чыккан сөз үчүн башы менен жооп берген байыркы кыргыз тукуму тээ балалыктын “турсам-өлөсүң” өнөкөт оюнун кадимкидей каадалуу адатка айландырды: Эч ким, эч качан кымындай кетирген каталыгын да мойнуна албайт. Өзү күнөөнүн алдында кышылдап жатат, айтканы “турсам-өлөсүң”… Бир эле кемчилигине сын же кеңеш айтып койгондун энесин Үч-Коргондон көрүп ал. Мейли, мен сен каалагандай “Жаңы Ордо” гезит кожоюну Бекен Назаралиевди коргоп, тескерисинче анын оппоненти “Фабула” гезитинин редактору Тилек Рыскуловду жамандап берейинби, же…

— Ой байке, анткен жокмун, калыс, туура сөзүңүздү гана айтып койбойсузбу деген эле ой.

— Болуптур дейли, бирин-бирин “чөө” аташып, илгерки айылдык абысын-жеңелеримдин айтыш деңгээлине түшүп алышкан, бирок өздөрүн кызылдай кыраан эсептешет өңдөнбөйбү…, бир боор инилерим мен эмес ортолоруна кара кулак шер келсе да тыңдап, жүйөөгө жыгылар беле. Бирок акыйкат алдында, жана да улут, эл, жер биримдиги сыяктуу максат, мүдөө, ар-намыс үчүн кыргыздын катардагы жигиттери эмес “Кара жер жердигинен түткөн…” хан Манас, айкөл Манас бабабыз, Кошойдун, Бакайдын, Алмамбеттин, Каныкейдин…сыны дейбизби, кеңеши, каалоо-пикири болсо да угат, жүйөөгө келет, айбаты артып күчкө толот… Ээ катыгүн, ааламды калем касиети менен багындырган Айтматовду кезинде жөнөкөй сын-сыпат эмес, инилеримдин терминин колдонсом, кыргыз адабиятынын алп “чөөлөрү” асылып, ал тургай “Туулбай атып туна чөктүрөбүз” кыязында кадимкидей муунтушкан, эй! Кана баатырлар, улуу агабыз силерге окшоп тиртеңдеп, курулай мөңкүп, катын айтышка түшкөн бир факты тарыхта табылабы?..

— Жетиштүүдөй эле болду го, байке…

— Байкең курусун, менин акылдуусунган насаатымды аларың укса де… Кемчиликсиз ким бар, каталыктан Кудай, Теңир, Бог, Эге, Алла, арабызда жүргөн калмак туугандар Бурхан дешет экен… кыскасы, бир Улуу Жараткан гана аппак турбайбы! Ооба, мен азбы-көппү жазгандарымды кыргыз тилиндеги баардык эле басылмаларга жарыялап келем, баары эле ини-карындаштарым. Маселен, Бекен Назаралиевди — ​оюна эмне келсе түз айтып жазганы, жазганбай, шыбырабай ачык сүйлөгөндүгү, өз кесиби художник болсо да касиеттүү сөз өнөрүн жана кимдин ким экендигин баалай алгандыгы, гезитин стол үстүнө устукандай жайып, оңбу-солбу, улуу-кичүүбү, ким келсе да муктажына колунан келишинче көмөгүн аябагандыгы… ж.б. оң образдуу сапаттары үчүн гезит редколлегиясына мүчө болуп, кийинки кездердеги жаман-жакшы жазгандарымды (ички бугумду!)“Жаңы Ордого” гана жарыялап келем…

— Дегеле терс жагы жокпу деп, окугандар “олуттуу” ойлонуп калышат го, байке…

— Эң туура, жакпаганын да шыр айтайын, эскиче этектей-этектей макалаларды дагы деле “эзип” жазгандан тажабаганы, эптеп-септеп күн көрүбаткан жазмакер үкөлөрүнө “эркеч” болуп жол баштаар учурда этек-жеңине илештирип, “Арзымат” айтышка түшүп алганы.

Түшүнөм, туура жазып биздин өлкөдө азыр эч ким күн көрө албайт… Ээ карындашым, бу жаатта да сөз түгөнөбү, узун сөздүн кыскасы, улгайып бараткансыган курган башты бөөдө бейпайга сала бербей, береги ушундай-ушундай дүйнөлүк кыйсыпыр рухий кризистин селинен бир гана байыркы улуу кыргыздын уңгулуу касиети — ​үйүнө жылан кирсе да ак чачып чыгарган, же “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” накыл кебиндей айкөл, акылман, гумандуу адамкерчилиги жана “Манас” сыяктуу кут дөөлөттөрү гана бириктирип, сактап калат го деген асыл ой менен адатыбызча сөзүбүздү поэзия шиңгили менен тамамдайлычы…

“Келдим дүйнө — ​көбөйдүңбү уулуңдан.

Кемийсиңби — ​кетсем учуп тууруңдан.

Оо түшүнбөйм, топурактан суурулуп,

Кайра неге, топуракка жуурулам.

Бөрү заман, үзүм нанга жеткирсе,

Өз үй, өлөң төшөгүңдө кеч кирсе –

Ошол турмуш, кандай сонун бактылуу,

Кор да болбой, зор да болбой эч кимге…”

(Омор Хаям)

Булак: “Жаңы ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *