Дүйшөн Керимов: “Мактоодон кыргыз марыган жок”

-Дүйшөн байке, кийинчерээк эч жерден көрүнбөй калдыңыз, той-аш, мааракелерден колуңуз бошобой жүрөбү?

– Жөн эле жазгым, сүйлөгүм келбей калды. Анткени,“жазгандарыңды окуп атабыз, телевизордон, радиодон угуп атабыз” деген санаалаш кишилер арбыган сайын ошончолук ойлонуп, түйшөлүп, чочулай да баштайт экенсиң. Анан “сынчынын сыңар өтүгү майрык” болбогонго далалаттанасың. Анүстүнө эс тарткандан эсепсиз кыялкечмин, бир чети тоолуктардын мүнөзү го, жаман арымда улам бир тоого, кырларга чыккан сайын дагы ары жагы кызык көрүнүп, эңсемей адат улгайганда деле калчудай эмес. Чокулар да түгөнбөйт, чарчатат, эс алгың келет…

– Түшүнүктүү, эгер “секрет” болбосо, акыркы катышкан той-кечелерден кеп салып бербейсизби?

– Азыр тойлордон жаа бою качып калган кезим. Биринчиден, баягы аракка аралашып жүргөн жылдарда анча байкалчу эмес экен, кыргызда улам күчөп бараткан даңкылдак менен дүңкүлдөккө толгон трафарет тойлору көкөйгө көк таштай тийип тажатты. Экинчиден, дасторкон жайылган үйү, кафе, рестораны болобу, маркумга куран окутуу, алтургай ажыга барып келгендин түлөөсүнө да конверт узатуу кадимки салт болуп, жамандык-жакшылык түгөл коммерцияга айланды. Анын баарына кайдагы акча? Демек, бербесең экинчи чакырылбайсың, барсаң да бекер аш кекиртектен өтпөй туруп алат. Кыскасы,“катыным сокур, жаным тынч” акыбалдамын. Баса, ушу сөздө улуу азаттык бар экен эй!

– Азаттыгыңыз кут болсун дейли. Өзүңүз айтчудай кантип эле бирар жарымы бекер болбосун?

– Болду. Каадалана айтсам, соңку бир ай ичинде эсте каларлык үч бекер кечеге катыштым. Чакыргандарга ыраазылык. Адегенде Алматыга Мухтар Ауэзовду эскерүү кечесине бардым. Атактуу жазуучунун үй музейинде уулу Мурат Ауэзовдун катышуусунда чыныгы күйөрмандар чогулган, көңүлдөгүдөй деңгээлдеги адабий кече болду.

– Сизге да сөз берилгендир да…

– Берилбей анан, атаңдынгөрү дүнүйө бу жакта титулдуулардан сөз тийчү эмес эле, жалгыз кыргыз өзүм бугумду бир төктүм го. Айрыкча 1952-жылдагы “Манас” боюнча өткөрүлгөн айтылуу коогалаң конференциядагы Мухтар агабыздын тагдыр чечер сөзүнүн стенографиялык көчүрмөсүн окуп берсем дуулдата кол чаап турушту.

– Музей демекчи, Чолпон-Атадагы Мухтар Ауэзовдун үй-музейинин абалы боюнча да биздин чоңдорго жазып жүрдүңүз эле, аны айттыңызбы?

– Оо кокуй, оңдолбосо атамдын башына айтамбы. Өзүң билесиң өкмөт башчыга чейин жазсам, маданият министрлигинен тартып райакимчилигине чейинкилеринен кайра мага “беш өрдөк” кат келгени менен эки жылдан бери кылдай эч нерсе өзгөрбөгөнүн кантип айтам?.. Айлам кеткенде, тээ жай айында президенттин аппарат башчысы өзү кабыл алып, “буюрса оңдоттурабыз” дегенин жайкамайга салып айтып өтсөм, Мурат агабыз баш болуп кол чаап кубанып калышты.

– Алматыдагы музейдин абалы бизге салыштырмалуу кандай экен?

– Музей деп ошону айт! Деги эле Алматы калаасы мурда эле өзгөчө эле, азыр да дүркүрөп өсүп атыптыр.

– Биздин борборду деле “Турдакун Усубалиев укмуш салдырган” деп ал кишинин 100 жылдык юбилейине байланыштуу айтып түгөтө албай жатпайбызбы?

– Мына эми баатыр өзүңө келдиң. Мендеги жазайын, айтайын деген көйгөй ойлорду чубайт окшодуң… Ошол казактын “сокур тоокко баары таруу” деген накыл кеби бар. Кудай урган бизде мактаса асманга чыгарган, жамандаса жерге тебелеп текеберленген жаман жосун коолап-чайлап кетти. Раматылык агайым ОшПИнин профессору Ж. Шериевдин “Тарыхты так жазбасак, артыбыз жалган, алдыбыз шор” деген сөзү кулакка кайра-кайра жаңырат. Эсеби маселен, бүгүн эски гвардия хор менен мактап аткан Усубалиев мен үчүн карама-каршы инсан, жетекчи. Жаш курагы жана ден соолугу туура келип турса да ал эмне үчүн согушка барбай калган? Ал эми менин атам Касый 18 жашында согушка катышып, адам каны суудай аккан “бойняда” далай жүрөгү түшө коркуп калгандыктан өмүр бою уйкудан чочуп, тынч ала албай 53 жашында өлүп кете берди. Кыргыз прозасынын классиги Мукай Элебаев фронтко кире берерде аскер даярдыктан өтүп жаткан күндөрү “Таланттуу экенсиз “Жазуучулар союзунун мүчөсү” деген справка алдырсаңыз тылга дароо кетирем” деп полктун командири сурап атат, Аалыкеге (Токомбаев) барагөр…” деп аялы Бурулчага кайра-кайра жазган катын окуп алып ыйлагам. Баса, азыр мен “Бетме-бет” повестиндеги Ысмайылдай согуштан качып, бирок ошол күнөөсүн жууп, айылына кайтып келиш үчүн укмуштуудай азап-тозокту башынан кечирген адамдын тагдырын даректүү баян катары жазып жатам. Деги эле белгилүү акын Түмөнбай Байзаков андагы Кыргызстан КПБКнын биринчи катчысы Т. Усубалиев катышкан жазуучулардын чогулушунда айткандай “фашисттерге каршы согушка катышпай калгандарга…” мен да өтө эле шектүү карайм. Бул бери жагы…

– Жакшы жагын айта аласызбы?

– Албетте, Усубалиев аксакалдын 25 жылдык башкаруучулук эмгегин эч ким жокко чыгара албайт. Баардыгын ийне-жибине чейин өзү да жазып кетти. Сен экөөбүз деле ошол коомдо чоңойдук. Теңдемечилик, коркутуу, алдамай, кошуп жазуу гүлдөп
кетпеди беле. Пландуу контракттан катып жалгыз бээнин кулунун же уйдун музоосун түн катып уктабай жетелеп айылда калган балалыгымды кантип унутам? Атам алчыланта ат мингенди жанындай көргөн өнөрпоз киши эле, бир менчик атын чоңдордон катып зар болуп жүрүп өттү. Маселен, ордо атууга, улак тартышка Москва тыюу салдыбы? Калыгул, Арстанбек, Модо Кылыч, Молдо Нияз, Боогачы, Казыбектин мурастарын Москва эле тикчийип карап турдубу? Азыр баары “Усубалиев артта калган агрардык республиканы кабыл алып индустриялык өнүккөн өлкөгө жеткирди” деп кезинде Черчил Сталин өлгөндө айткан маанидеги сөздү тотукуштай кайталашат. Бери болгондо ал деле компартиянын кыйшайбас жоокери болгон, Кремлдин мыкты аткаруучу кадры болгон дегенди эски гвардиянын эстегиси жок. Кыска айтсак, баарын Москва чечкен, көзөмөлдөгөн. А башчыбыз аны эселеп аткарып турган. Ар жүз тубар койдон 198ден козу алынган “рекордду” облгезиттин жаш кабарчысы мен да калп экенин айдан ачык билип турсам да далай жазбадымбы. “Жер такыр, эл бакыр” болбоду беле. Борборго келсек, Фрунзе эң таза жашыл шаар болгону чын, бирок жалпы алганда ошондо эле Ташкент, Алматы мыкты болгон, Балтика республикалары, Грузияны мындай кой, береги өзбекстандык орус өзбекче гяп урчу. А кыргыздын борборунда жалгыз кыргыз мектеп калган. Башканы кой “бараны…” дегенди далай эле укпадыкпы…

Сөз жок, Усубалиев жакшынын урпагы болгон. Калыгул олуязаданы айтпаганда да Усубалы карыянын биз уккан мына мындай такыбалыгын айтсак үлгү: ал кездин эр мүнөз райкому Кадыракун Базарбаев Кочкор районун башкарып турганда Усубалы карыянын алдына токулгалуу жоргону туура тартып, аба, илгеркиче айтканда падышанын атасына эшекчен жүргөн жарашпайт” дегенде, колтуктап мингизген ат үстүндө бута атым аралыкка бастырып келип “уулум, жоргону бергениң менен өзүңдөй ар дайым колтуктап мингизээр бир кара башыл кишини дайындап берүү колуңдан келбес. Сен бердим де, мен алдым деп эсептейин. Улгайганда мага эшегимден өтөрү болбос, оомийин!” деп батасын берип, сыпаа баш тартып койгон экен кайран киши. Ошондой эле Усубалиев партиядан чыгарылып, үстүнөн кара булут айланып, өздөй кадрлары жерип турган учурда энеси кайтыш болот. Ошондо жашы жетип калган Усубалы карыя “балам ак, балам ак!” деп сүкүт чалып отурду дешкен көргөндөр…

– Чын эле кийин акталбадыбы. Ушул жерден бир маселе, чейрек кылым башкарган жетекчисин коргоп чыккан кадрын атай алабызбы?

– Жок. Эң жакын көрүп Фрунзе горкомун башкарткан К. Молдобаев жөнүндө жазуучу А. Стамов “Боз куурай” деп жазганын баары эле окуган. Партиядан чыгаруу жөнүндө баштапкы партиялык уюмдун токтомуна төрагалык кылган Т. Кошоев кол коюп, Биринчи Май райкомунун биринчи катчысы Ж. Түмөнбаевага келгенде негедир кол коюудан баш тарткан. Кийин анын ордуна орус улутунан дайындап, эжени башка ишке которуп жиберишкен. Бирок, кийин ал чечим шааркомдун бюросунда “единогласно” же хор менен аткарылган. Мындан бир парадокс (!) келип чыгат: кайран Разаковду да канча жылдар ийиндеш иштеген Кулатовдой баатырлар эмес Менсейитова деген жалгыз аялзаты колдогон, андан арыласаң ар-намысын эч бир күчтөн тайсалдабай эч бир нерсеге алмаштырбаган Курманжан датка, Жаңыл мырза, Наал эже, Кыз Сайкал жана Айкөл Манас атабыздын үмүтүн өчүрбөй, керээзин так аткарган кайран энең Каныкейдин образы калкып чыгат.

– Дүйшөн байке, мынча болду дагы айталы, “Усубалиев болбогондо мынчалык комплекстүү өнүгүү болмок эмес” дегендерге кандай жооп берер элеңиз?

– Кайырмагыңдын учу “жутма” жабык го баатыр, сен “житкен окту аткан табат” дегендей эле жетелей турган болдуң. Болуптур, дагы да айталы аксакалга аласа-бересе кусаматыбыз жок. Ылайым арбагы ыраазы болсун. Усубалиев – биздин тагдырыбыз, тарыхыбыз. Тек гана, ал кишини хор менен “слепой” мактагандарга жана ал аркылуу өзүнүн аброюн көкөлөткүсү келгендерге каршылык – протест! Кыргыз айрыкча эгемендик жылдары күчөгөн мактоодон марыган жок го. Эрдиги билинбеген “Эл баатырларынын” гана тизмеси арбып барат. Ооба, мен кембагал Усубалиевден кийинки боло турган, ошол кездердин таланттуу кадрлары, бирок тагдырдын жазмышы менен болбой калган же тагыраагы, капилет жол кырсыгынан мерт болгон Бейшен Мураталиев жана табышмактуу жагдайда атылган Султан Ибраимов болгондо акыры келер эгемендик келгенде Акаевге окшогон даярдыксыз кадрга күнүбүз түшүп, мынчалык бүлүнбөй, башаламан бечара абалга кептелбейт белек деп кыялдана берем.

– Усубалиев – улуттун лидери деген баага татыктуу боло алабы?

– Оп, баракелде! Таппасаң сыйпалап кал дечү беле? “Лидер” деген сөз азыр кимге гана айтылбайт? Баягүнү “Маданият” каналында Ж. Сааданбековдун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган китебинин бетачар кечесин карап отурсам, эски чиновниктер юбилярды быякта калтырып эле китептин авторун мактоого тундуруп атышат. Баары алдын-ала машташып алгандай. Анан бир кезде бизге санаалаш, каламдаш Жолборс Жоробеков “Жумагул Сааданбекович, сиз чыгаан окумуштуусуз, жетекчисиз, сиз улут лидерисиз” дебедиби кайран жан акем. Анан алгачкы президенттин, алгачкы бөрү ичигинин сыйкору, “Ысык-Көлдүк депутаттар залдан чыгып кеттик!” деген трайбалисттик ураандын атасы, “бир мөөнөт түндүктөн, бир мөөнөт түштүктөн президент болсун жана Казакстанга же Россияга кошулуп кетүү жөнүндөгү кулчулук бузук идеялардын автору мактоого магдырай трибунага чыгып келип, “Алыкул “Эй Россия, Россия бир боор энем…” деп олуядай жазган, кээ бир кыргыздын көпкөн жигиттери азыр орус жөнүндө абайлап сүйлөгүлө, кысчу жериңерди кыскыла!” деген таризде айбаттуу үнү жана кабак-кашы менен сөөмөй кезеп турганы. Дагы да айталы, ошол Усубалиев партиядан чыгарылып атканда бул “үн” болгон эмес.

“Улуттун лидери” деп атасың, менимче бул комплекстүү түшүнүк. СССР учурундагы чыгаандарды эстесек, Ж. Абдрахманов, И. Разаков, С. Ибраимовдо лидерлик сапаттар бар эле. Бирок, алар да катаал системанын курмандыгына айланды, өздөрүн толук ачып бере алышкан жок. Акыйкатта Усубалиевде да кийинчерек улуттук лидерлик деңгээлдеги сапаттар байкалган.

Кандайдыр бир ал Калыгул баба-сындай заман оошуп, Союз бийлиги-нин тамыры солкулдап баратканын сезген. 1983-жылы генсек Брежнев-дин азык-түлүк программасы боюнча айтылуу указы чыгары менен борбо-рубуздагы Ош, Аламүдүн баштаган көркөм базарларды, анын шарапаты менен Акүй баштаган көптөгөн куру-луштарды өзү айткандай өзү башкы прораб болуп, шашылыш салдырга-нын,көп өтпөй 1985-жылы партиядан чыгарылып, өзү өстүргөн “шеноктору” далысын көрсөтпөй калган кездерде мүңкүрөбөй, тагдырдын оор жазмы-шын тикелей көтөрүп кеткени, “алтын чырында” акшыңдаган Акаевдин жи-нин дароо какканын эрдик десек жа-рашат. Бирок аттиң, көп өтпөй баар-дыгы “ордуна келди”. Аксакалыбыз алтын менен кошо ак мөңгү ата-меке-нибиз кертилип четке кетип жатканда да “балык” болуптуруп берди, айрым кезде акаевчиликке кадимкидей “ад-вокат” роль аткарды.

— “Анан эмне болду?

– Эмне болмок эле, баягы, баягы кылган-эткен аксакалдыгына карабай Акылбектей “чечек” балдары жакалап, жол талашып чыкты. Ушундай баатыр, андагы айылдык чоң аталар айткандай “Көрбөгөн ногой, сарт жок”. Өсөлү, өнүгөлү десек акыйкат менен калыстыктан качпайлы. Ошол – эл турмушу өнүкпөй, улам кийин кедерибизге кеткенибизден улам Усубалиевдин образы ашыкча көкөлөнүп, эски гвардиячылар да өткөндөрдү экилене эңсей берер. Чындык, демек сын айтылбаган жерде жеке адам да, коом да ашмалтай айлампада кала берерин адамзат тажрыйбасы алда-качан кайра-кайра тастыктаган эмеспи.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *