Дүйшөн Керимов: “Президент Жээнбеков Сооронбай, “сормо саз” үстүндө бараткандай…”

-Дүйшөн аке, кетип бараткан жыл жөнүндө сөз кылсак, жеке өзүңүз 12 айды кандай өткөрдүңүз жана кандай ой-пикирде жыйынтыктап турасыз?

– Ушул куракка чейин көрүп, угуп, окуп, аңдап-тааныган акыл ой булактарына таянуу менен баам салсаң ден-соолуктуу тирүүлүктүн ар бир аткан таңы, баткан күнү, көз ирмеми маанилүү, маңыздуу, кымбат, кыйбас кадырлуу майрам го деген мазмун, сюжет, образ калкып чыгат. Ал эми бүтүндөй бир жылды кино тасмасындай кайрадан көз алдыдан өткөрсөк, албетте эскерүүлөр аз эмес. Маселен, жыл башы – январь, февраль айлары анча аяздуу болбой мээримдүү өттү. Өнөр адамы катары бул жылды, өзгөчө бирдеме жазсам деген дымакта баштаганым да эсте.

– Кайсы убакта жазасыз? Дегеле жашоо эрежеңиз барбы?

– Ооба, оголе такыбалыкка жетпесең да жаш курак, жашоо тажрыйбаң ошого карай жетелейт экен. Маселен, эреже тууралуу жалпылаштыра айтканда таңкы бештерде ойгоном, чоң кесе жылуу суу ичем, багымдат окуйм, столго олтурам… Анан күн чыгаар алдында ээнге жөнөп, эки сааттай жүрүп келем.

– Багымдат демекчи, азыр коомдо “Кыргызстан светтик мамлекет, динди саясатка аралаштыруунун кереги жок” деген да талаш-тартыш күч…

– Ошол “күч” ким? Кыргызым го… Эсеби маселен, “Светский” жашоонун атаман өлкөсү Американын же өзүбүз үлгү алып, таасиринде чоңойгон Россиянын президенттери чиркөө – храмга барып сыйынса ким айгайлап атат? А аз кыргыздын бүгүнкү каза болгондорунун 99,9 пайызы ак кепинделип, жаназа окулуп, жерге берилерин көрүп туруп, “светский” деп мөңкүгөндөр жашоону жаркытып жибербейт. Тек, бул адат атеисттик СССРден калган, бая биз дамамат айтып жүргөн орден, медаль тагып, түрдүү наам берип алдамай, бийлик ариясын ырдатмай, аял-эркек укугу, эми ага Батыштын балдардын укугу дегенин кошуп алып, “сокур” желпинмей же дээрлик баарыбыз азабын тарткан аракечтик жана ысырапчыл тойломой сыяктуу ит адат, башаламан – бардак адат ааламдын көз жашындай, тумар мончогундай Ала-Тоону атамзамандан мекендеп келген азганактай ак калпак элди дегеле жакында жакшылыкка алып барбайт го деп кейийим, иним.

— Ошентип, кыш мезгили мээримдүү өтүп, жаркыган жаз келди деңизчи…

– Ооба, март айынын башталышы менен Сауд Арабиясында өткөрүлгөн “Көчмөндөр ааламы” этно фестивалына барып келгинибизди ушул “Жаңы Ордого” жарыялагам. Мынча болду ошол баянда “аттап” өткөн бир окуяны эскере кетпесек болбос. Баш-аягы 20 күнгө созулган фестиваль борбор калаа Эр-Рияддан 180 чакырымча этно шаарчада өтүп, кетээрге жуук ал жерден миң чакырым аралыктагы айтылуу Мекке, Мединага алып барышты. Узун сөздүн кыскасы, элибиздин көчмөндөр оюндарын изилдеп “Айкөл Манас оюндары” деген аталышта китеп жазып жүргөн, туура 63 жаш куракка келген мен үчүн бул зор окуя, жышанаалуу салтанат болду десем куп жарашар, атаңдынгөрү дүнүйө… Икром кездемеге оронуп, Кабаанын кара ташын жети айланып, зам-зам суу чыккан жерди жети жолу желип өтүп, ыйык жерде эки рекет намаз окуп, чачты “лысый” кырдырып, мейманканага чаалыгып жеткен кечте Кабыл палван үкөмдү “Жүрү!” деп, жанжолдош кылып алып, асман тиреген ар түркүн имараттарды аралай, Кабаанын короосуна кайрадан жөнөдүк. Жолдо баратсак, калааны дүңгүрөткөн азан үнү жаңырып, ашкана, дүкөн, кеңсе дебей “шаракка-шурак” жабылып, көпчүлүк түгөл көчөгө эле шам намазга казкатар тизилип калды. Кабыл экөөбүз да баштарына чалма оронгон индустарга бирге туруп намаз окуй баштадык. Ошол карарган жыпжылуу асфальтка сажда кылып, кыямга тик турган учурда, жаныма кайран көчмөн доордун акыркы нускасындай болгон чоң тебетей, намазкөй, батакөй да чоң атам “Сарыбайым…” деп, келгендей болду… Шүгүр, өмүрүмдү жаркыткан көз жашка аралаш андагы ажайып сезим, а балким андан соң кайталанбаса да эс-акыл барында өзүмө түбөлүк эш болор касиетке айланып, жүрөктүн түпкүрүнөн орногону анык. Ал эми калганы өзүңө дайын баатыр, сен да, мен да Орозо кармадык, Кубат аке жазгандай “ошентип алданемедей жай да өттү…” Эки, үч жылдап жазып келген “Наал эже”, “Эрөөл талаа”, “Кыргын-Сай”, “Моңолдордун Жакыпбек”, “Кайран энең Каныкей жана Нагима апай”, “Жол башчы” ж. б. чыгарма болумуштарым, бир далай ойтолгоо, макала сериялары жарык көрдү. Күз да берекелүү болду. Ошол Аравия чөлүн же береги Казакстандын суусуз кең талаасын көргөндөн кийин жазып, айтып жүргөнүмдөй кагылайын ак мөңгү Ала-Тоо жергебиздин чөбүн жеп, суусун ичсек да ачкачылыктан өлүп кетпейбиз го…

— Кут болсун дейли, а эмне үчүн Дүйшөн аке, анда өзүңүз баштап биздеги жашоо көйгөйүнүн көптүгүн азыр эле өзүңүз айткандай кайра-кайра козгоп жатабыз же көнүмүш адатпы?

— Баардыгы мына ошондой салыштыруудан башталат, айтылат, аныкталат, атаандаштык пайда болот. Атаңдынгөрү дүнүйө, мына ошол алыстан олигарх араб шейхтери келип, көздөрүнө жаш ала суктанган жерибиз жаннаттай сонун болгону менен эл башкарган заманбап лидерден өксүктүгүн, элибиздин нарк, насил, намыс, биримдик, билимден өксүктүгүн кайда катабыз? Эзелкисин айтпаганда да кечээки калмак-ойроттун баскынында, Кокон хандыгынын кордугунда, Абылай хан менен Кенесары хандын чапкынында, Ак падышалык орустун 16-жылдагы алааматында аман калган элди Акаев баштаган алысты көралбас президенттердин айынан Кытайдын коогалуу карызына батып, каруу-күчкө толуп турган төрт кыргыз болсо, биринин бейиштей жеринен тентип кетип, бөтөн жерде айрым ит көрбөгөн кордукту көрүп жатканы чыкыйында ойлонорго жөндөмдүү урпактын анык трагедиясы го…

– Президенттин кечээги маалымат жыйынына, дегеле эки жылдан ашып бараткан ишмердигине кандай баа бересиз?

– Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде дал ушул “Жаңы Ордого” ал кишинин тек-жайы тууралуу “Алымбек даткадан кийин адыгине урпактарына оомат эми келди” деп жазганым эсте. Не дейбиз? Акыйкатта Атамбаев “жетелеп” келсе да, аяздуу күнү ТЭЦ жарылып, улуу Жараткандын жазмышы менен Жээнбековдун алдында эки айрылыш жол туруп калды. Биринчиси, аталык болгусу келген Атамбаевге карай, экинчиси акыйкат жолу. Бул боюнча кечээги жолугушууда президент өзү да жетишерлик айтты. Бир сөз менен айтканда, мен деле “Президент Жээнбеков Сооронбай, “сормо” саз үстүндө келаткандай…” деп ырдап ийгим келип турат. Карачы баатыр, эгемендик делген береги чейрек кылымга жетпеген аралыктагы президенттерибиз, Роза эжекебизди Кудай сактасын деп жүрдүк эле, түгөлү менен терс образга айланып кеткен факт-окуя мурда-кийинки тарыхта кайсыл эл, жер, мамлекетте болду экен? Бул жагынан камап атса, ал жагынан уурдап “өлүп” атат. “Качып кетти”, “Издөөдө”, “Баш коргоо чарасы өзгөртүлдү”, “Үй камагына чыгарылды”, “Жаңы жагдай ачылды”, “Тергөө менен кызматташып жатат” ж.б.у.с. жаңы сөз, термин, аныктама жайнап чыкты. Өткөндө депутат бирөө эгемендик жылдарында 3500дөн ашык мыйзам жана ошол сыяктуу АКТылар кабыл алынганын айтып жатат. Дагы да мыйзамдар жетишсиз экен. Ансыз да куругун Өкмөт мүчөлөрүн иштетпей ар күнү депутаттар маңдайына тизип алып, экзамен алып олтурат го.

Ушундан улам кытай акылманы Лао Цынын 2500 жыл илгери “Мыйзам жана буйруктар көбөйгөн сайын ууру-кескилер да көбөйө берет” дегени аргасыз эске түшөт.

– Президент көпчүлүк суроолорго “Парламент же соттор чечиши керек. Мен кийлигише албайм” дегендей жооп кайтарганы сиздин купулга толдубу?

– Мен президенттин акыйкат жолун тандаганын, ата уулу экенин жана сабырдуулугун сыйлайм, үмүт этем. Бирок, мындан бир жарым кылым мурда Калыгул олуя бабабыздын айткан дегендери азыркы турмушубузда толук далилденгенин эскертким келет. “Кум чогулуп таш болбойт, кул чогулуп баш болбойт” дегени дал бизге, бүгүнкү күнгө айтылып жаткан жокпу? “Ажыдаар” мамлекеттердин азуусунда калып, ааламдашуунун чамындысына айланбаш үчүн бизге – Кудайдын кулу, алакандай Кыргызстан өлкөсүнүн өзөктүү эли аз кыргызга бир баш, жол керектигин, айрыкча зарыл экендигин береги ат жалындагы учкул заман өзү далилдеп, күн сайын көзгө сая көрсөтүп турат го…

– Дүйшөн аке, сөзүбүздү кайрып, Жаңы жыл босогосунда эл-жериңизге каалоо-тилегиңизди да айтыңыз?

– Эмесе, Оо Улуу Жараткан, эл-жерибизге тынччылык берип, бөөдө-алаамат, коогаландан сактайгөр! Элге бер, эл ичинде бизге да бер, ден-соолук, амандык, ыйман ырооло! Байыркы бабаларыбыз айткандай ажобузга айкөлдүк, калыстык, ынсап-ыймап, намыс бер! Урпактарыбызга кең келечек, бак-таалай тилейбиз! Оомийин!

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *