Дүйшөнбек Зилалиев Атамбаевдин атын сатып, аброй топтойбу?

Өнөржай, энергетика жана жер алдын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев боюнча бир жылдан бери коомчулукта кызыктуу маалымат күбүр-шыбыр кеп болуп айтыла калып жүрөт. Желдей жорткон мындай кабарлардан соң, биз Дүйшөнбек мырзанын өзүнө суроо берип көрөлү дедик. Дүйшөнбек Текшербекович, өткөн жылы Эсептөө палатасынын андагы төрайымы Элмира Ибраимова сизди чакырып, ишиңизде олуттуу каталар кетип жаткандыгын айтса, сиз Ибраимованын иш бөлмөсүндө илинип турган ажонун сүрөтүн көрсөтүп, «мен шефтин командасын аткарып жатам» деп алакан жайганыңызды моюндайсызбы? Кыраакы Ибраимо­ванын суроолоруна бир эмес, төрт ирет тең ажонун атын аралаштыра жооп узатканыңызга ачууланган андагы төрайым Абакиров аттуу аудитордун көзүнчө ачуулана столду бир уруп, «сен ажобуздун атын саткан кандай немесиң? Ошондой болгон күндө да шефтин атын сатпашың керек эле, мен буга чейин кандай иш болсо да бир да чоңдун атын саткан эмесмин» деп сес көрсөтө сизди иш бөлмөсүнөн кууп чыкканы чын беле? Бул окуядан көп өтпөй Элмира Ибраимова кызматынан кол жууганы саясый чөйрөдө ушул күндөргө дейре узун сабак кеп болуп келет. Биздин мындай суроо иретиндеги гана маалыматгарыбызга Дүйшөнбек мырза жооп узатууга дилгирлигин билдирсе, анын да жообун коомчулук менен бирге тыңдаганга даярбыз.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *