Душанбе менен Тегеран «Истиклол» туннелинин курулушуна сегиз миллион доллар бөлөт

Тегеран менен Душанбе Тажикстандагы «Истиклол» туннелин куруп бүткөрүү үчүн төрт миллион доллардан бөлүшөт. Мындай макулдашууга Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёров менен Ирандын энергетика министри Ризо Ардакониен 15-16-июнь күндөрү Душанбеде өткөн Азия лидерлеринин саммитинде жетишкен.

Өз булактардын маалыматына караганда, бул каражат туннелдеги желдетүү, жарык берүү жана өрт коопсуздугу системаларын жаңылоого жумшалат.

«Истиклол» туннели Тажикстандын түштүк жана борбордук аймактарын Согди облусу менен байланыштырып турат. Иран бул объектинин курулушуна жалпысынан 60 миллион доллардан ашык каражат жумшап, андагы негизги иштерди бүткөргөн.

2006-жылы эки өлкөнүн президенттери Эмомали Рахмон менен Махмуд Ахмадинежад тарабынан ачылып, пайдаланууга берилген туннел жарыктын жана желдетүү системасынын жоктугуна байланыштуу акыркы жылдары автоунаалардын жүрүүсү үчүн кооптуу болуп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *