Душанбеде белгилүү журналист Султон Хамад көз жумду

6-июнда тажик журналисти жана коопсуздук маселелери боюнча эксперт Султон Хамад 68 жашында дүйнө салды.

Анын уулу Ахмад атасы залалдуу шишик менен ооруганын, акыркы 8 айда дарт күчөп кеткенин билдирди.

Белгилүү тажик журналисти 90-жылдардын аягында Бирдиктүү тажик оппозициясынын жетекчиси болгон жана өкмөт менен оппозициянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан.

Султон Хамад 1992-1997-жылдары он миңдеген тажик качкындары менен Ооганстанга жер которгон. 2004-жылы “Азатыктын” тажик кызматынын кабарчысы катары бул өлкөгө кайрадан барып, бир жылдай иштеген. Бул убакыт аралыгында ал ошол кездеги президент Бурханиддин Раббани баштаган саясатчылардан интервью алып, көптөгөн репортаждарды жасаган.

2005-жылы Султон Хамад ооган аткезчилери тарабынан кармалган эки тажик чек арачысынын бошотулушуна өз салымын кошкон. Ушул жылы апрелде анын катышуусу менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Ооганстанга жасаган сапары ийгиликтүү өткөн.

Ооганстандан кайткандан кийин Султон Хамад «Рузгор» маданий-маалымат порталын ачкан.

Анын белгилүү чыгыш ырчысы Ахмад Зохир жөнүндөгү алгачкы китеби “Азаттыктын” тажик кызматынын сайтында жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *