Душанбеде чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер асынып алды

Тажикстанда чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп баштаганына төрт ай болгон жоокер өз жанын кыйды. 21 жаштагы Рамазон Ганиев Душанбедеги үйүнө бир жумага келген маалда асынып алган.

Учурда өлкө бийлиги жоокердин эмне себептен мындай кадамга барганын териштирип жатат. Душанбенин Фирдавси райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Рамазон Ганиев 24-августта Душанбинка суусунун жээгинде асынып алган жеринен табылган. Алгач сөөктүн кимге таандык экени белгисиз болуп, беш күндөн кийин гана анын тек-жайы аныкталган.

Маркумдун туугандары бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Рамазон медициналык колледжди аяктагандан кийин медициналык университетке тапшырууга даярданып жаткан. Бирок армияга чакырылып, кызмат өтөөгө кетип калган.

Тажикстанда жоокерлердин өлүмү тууралуу маалыматтар ЖМКларда байма-бай жарыяланып турат. Эксперттер менен укук коргоочулар булардын негизги себеби — тажик армиясындагы уставка ылайык келбеген мамилелер экенин айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *