Джохар Дудаев улуту боюнча ким эле? Же аны эмне үчүн еврейлерге байланыштырышат?

Чындыгында бул биз ойлогондон алда канча татаалыраак маселе болуп чыгат. Джохар Дудаев официалдуу түрдө, албетте, өзүн чечен улутунун өкүлүмүн деп эсептей турган. Ал тоолуу Ялхорой айылында туулган, бул айыл 1944-жылдагы депортациядан кийин пайда болгон.

Ал апасы боюнча таза кандуу байыркы чечен тайпаларынын бири – Нашхойлорго кирет. Бирок, атасы Муса Жовхар боюнча абдан кызыктуу Цечой тайпасына таандык болуп калат. Бул тайпа Чеченстандын байыркы Галанчожский районунда жашап, орстхойлуктар, же аларды түркчө манерада аташкандай – карабулактыктар болуп эсептелишет.

Орстхойлуктар же карабулактыктар (түрк кумыктарынча аты – которгондо “кара дарыя” болуп калат) – вайнахтардын (чечендердин) этногруппасы болуп эсептелип, ингуштар менен чечендердин ортосунда тургандардан болуп чыгат. Байыркы убактарда бул уруу абдан жоокерчил эл болуп, өз алдынча диалект жана маданиятына ээ болгон. Кавказдагы согушта орстхойлуктар орустун падышалык бийлигине абдан катуу каршылык көрсөтүшкөн. Согушта жеңилип калышкандан кийин, алардын көбү коңшулаш Османдык империяга кирип кетишкен болчу.

Азыр ал орстхойлуктардын көбү Ингушетияда жашашат, өздөрүн ингуштар деп санашат. Ал эми Чеченстанда жашагандары кээде ингуштарга карашса, кээ бирлери өздөрүн чечендер деп эсептеп калышкан. Такыр эле өзүнчө башка группабыз деп санашкандар да кезигет. Маселен, Джохар Дудаевдин ата-бабаларын чечендерге да, ингуштарга да кошууга болот, ошол эле учурда – өзүнчө бөлүнүп турган эл – карабулактыктарга, орстхойлуктарга кошсо да болот. Ал эми ингуштар тууралуу Ичкериянын лидеринин мындай деп айтканы бар:

“Чечендер үчүн ингуштар бир тууган эл эмес, алардын каны-жаны бир, кайсыл бир алдаркөсөлөр канчалык элдин башын айлантса деле ушул бойдон кала берет. Ингуштар – чечендер, кистилер, аьккхилер жана мялхолор сыяктуу эле. Ингуштардын – чечендер менен бир тукумдан экендигинде эч кандай шек жок”.

Арийне, Дудаев өзү 1991-жылы мурдатан бирдиктүү болуп келген Чечен-Ингушетия
республикасынын эки республикага: Чечняга жана Ингушетияга бөлүнүшүнө жол ачып берген.

Баса, чечен оппозиционери, мурдагы офицер Ахмед Келиматов өзүнүн “Чечня в когтях дьявола» (“Чечня шайтандын тырмак алдында”) деген китебинде еврейлик тамыры бар болушу мүмкүн болгон Джохар Дудаев жөнүндө жазган. Анын бабасы тоолук еврейлерден болуп, Чечняга дагестандык Дербент Шаарынан кан кууган кектен улам качып келген имиш. Келиматов буга кат жүзүндө далилдер жок, бирок “кагаздагы далилдер жок болгону менен да, вайнахтар бир нече кылымдар мурда болгон нерселерди деле унутушпайт’’ – деп жазган.

Ошондой эле, Келиматов Дудаевдин Чечняда февралда туулбай эле 1944-жылдын апрелинде төрөлгөнүнө токтолот. Андан ары чечендердин баары өз мекенинен айдалып, депортация болуп кетишкенде – анын ата-энеси Чеченстанда калып калышканына көңүл буруп, ал кезде башкалардын баары Казакстанга жана Кыргызстанга сүргүнгө айдалышкан соң, калып калышканы таңкалычтуу деле эмес дейт. Ал кезде баарынан кийин акыркылардан болуп депортациялангандар НКВД менен кызматташкан адамдар болушкандыгын эске салат…

Бирок, кандай болгон күндө да, Дудаев өзүн таза кандуу чеченмин деп эсептей турган. Ал өз эне тилин анча жакшы билбесе деле ушундай деп эсептечү. Себеби, отуз жылдан ашуун убакыт бою советтик армиянын катарында кызмат кылган.

Джохар деген ысымдын өзү эски персид сөзүнөн-“гавхар”- „асыл таш“ деген сөздөн чыкканы да кызык. Араб тилинде бул сөз Джавхар, хинди тилинде – Джавахарлал, чеченче – Джохар, армянча – Гоар. Баса, азыр Чечняда Джохар аттуу кичинекей балдар абдан сейрек учурашат. Бул деле түшүнүктүү.

Генералдын жесири – сүрөтчү Алла Дудаева өзүн орустардан чыккан чеченка деп эсептейт. Ал азыр Швецияда жашап жатат (кыз кезиндеги фамилиясы – Куликова).

Али эми Дудаевдин уулу Овлур 2002-жылы орусча ысым алып, Олег Захарович Давыдов болуп калган – ал ушундай жол менен гана литва жарандыгын алуусу жеңил болмок. Ошондой эле, ар кандай жадаткан прессадан да оолак болуп, анын үстүнө, атасынын ысымы менен байланышкан бардык проблемалардан да биротоло кутула алмак.

Орусчадан которгон: Жумабек Кыдырбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *