Эч жерде иштебеген аял кош бойлуулук жана төрөгөнү боюнча жөлөк пул алалабы?

Кыргызстанда кош бойлуу жана төргөн аялдарга жөлөк пул берилет. Жөлөк пулдун берилишин эмгек жана соцөнүгүү органдары көзөмөлдөйт. Кеп кайсыл категорияга киргениңизде:

  1. Иштеген айымдар, жеке ишкерлер же дыйкан чарбасынын мүчөлөрү.
  2. Жумушсуздук боюнча жөлөк пул алганга укугу бар, расмий түрдө жумушсуз деп табылган айымдар.

Жөлөк пул берүүнүн негиздери:

– саламаттыкты сактоо уюмдарынан жумушка жөндөмсүз деп берилген кагазга ылайык;

– иштеген жеринен справка, эмгек мамилесинде болгон аялдар үчүн;

Жеке иштер, дыйкан чарбасынын мүчөсү жана расмий түрдө жумушсуз деп табылган айымдар, аларга иү кагазын эмгек жана соцөнүгүү башкармалыгынан алышат.
Жөлөк пулдарды көлөмдөрү:

Иштеген айымдар алгачкы 10 жумуш күнү үчүн айлыктын 100% өлчөмүндө, 11 жумуш күнүнөн тарта айына – 1000 сом;

Алысткы тоолуу аймактарда жашап-иштеген айымдар үчүн бардык жумушчу күндөрү үчүн айлыктын 100% өлчөмүндө;

Юридикалык билими жок жеке ишкер жана дыйкан чарбасынын мүчөсү үчүн 11 жумуш күнүнөн тарта – айына 1000 сом;

Расмий катталбаган жумушсуз айымдарга жөлөк пулдар төлөнбөйт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *