Эч жерден реакция жок, кыскасы Алмаз Мамбетовго окшогон мэрлер менен жыргайт окшойбуз

Дөөгүрсүгөндөрдүн, анан дөөрүгөндөрдүн заманы болуп атат окшойт. Дегеним, жакынкы күндөрү Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов деген эргул коомчулукка өтө атактуу болуп чыга келди. Билесиңер да эки мэрдин сөгүшкөн аудиосу жарыяланганын. Алмаз дегени абдан «таланттуу» мырза экен, куюлуштура сөгүнгөнүн угуп олтуруп, кулагың түшүп калат. «Маданияттуулугун» айтпайлы… Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мурунку мэри агасындай болгон Сатыбек Шамшудиновду телефон аркылуу ой-даа ашатты дейсиң. Жакаңды карманып атып муунуп кала жаздадык. Шамшудинов дегени да сабыры бекем эр экен. Мамбетов ит жебеген бокту жеп, сөгүнүп атса да карманып койду. Бирок, али эч жактан реакция жок. Бир сөз менен айтканда Алмаз Мамбетовго окшогон мэрлер менен жыргайт окшойбуз…

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *