…. Ээ бербеген эрке кадрлар!!!

Жогорку Кеңештин депутаттары Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги башаламандыкты айтып бүтпөй жатпайбы. Андан да чиеленип, чечилбей келаткан көйгөй Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинде болуп жатат. Алыс барбай эле Бишкек шаарынын мектептериндеги кадрдык башаламандыктарга назар салсак, Ленин районуна караштуу №40-мектептин жаңы дайындалган директору Акмашаева Анаркүл Радбековна №95-мектептен ызы-чуу менен кетип, №40-мектепке ызы-чуу менен келгенин бүтүндөй коомчулук жакшы билет.

Көп жылдардан бери мектепте директор болуп иштеп жүрүп, мектепти өз менчигиндей кабыл алып калган Акмашаева Анаркүл Радбековна №40-мектепке келери менен короонун ичиндеги кара жыгачтарды сакал алгандай кырып, сатып жибергени интернет порталдарына жарыяланып кеткенинен кабарыбыз бар. Анаркүл Радбековнанын бул кылган мыйзамсыз иш аракеттери үчүн экологдор айып пул салып, акчасын алыптыр-деп уктук. Ал эми укук коргоо органдары мындай мыйзам бузууларга кандай чара көргөнү азырынча бей-маалым. Анаркүл Радбековна мектепке директор болуп келген соң, окуу пландары менен таанышып, билим берүү тармагына көңүл бурса болмок, ал отун базасынын директору болуп иштебейт эле да,..-деп кесиптештери таң калып отурушат.

Анысы го мейли, Анаркүл айымдын аа деп оозун ачканда эле, “Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин башчысы Сауле Жаксылыковна Мейрманова менин кыйышпас жакын курбум, ар кандай маселелерди Сауле Жаксылыковна аркылуу чечем…”-деген сөздөрүн камерага жаздырып алып бизге чейин көргөзүп жүргөндөр да жок эмес. Биз да Анаркүл Радбековна жумушка келбей жатып, С. Ж. Мейрманованын 10.10. 2018-жылы чыккан буйругу менен так мөөнөтү көрсөтүлбөгөң өз убагында эмгек өргүүгө чыкпай калган күндөрү үчүн, эс алууга чыксын” деген чечимдин негизинде учурда эс алып жүргөндүгү тууралуу маалымат алып, жогоруда айтылган сөздрр анык окшойт деп калдык.

Негизинен эмгек кодексинде эмгек өргүүсү жөнүндө буйруктар “бул айдын мынчанчы күнүнөн тигинченчи күнүнө чейин эмгек өргүүгө чыксын”-деп күндөрү так, даана жазылышы керек эле. Ал эми Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин башчысы С. Ж. Мейрманова менен №40-мектептин директору А. Р. Акмашаевалар мыйзамды өздөрүнүн ыңгайына жараша колдонушуп, мөөнөтсүз мамлекеттик бюджеттен акы төлөнгөн эмгек өргүүлөрдү уюштуруп, эс алып жүргөндүгү жөнүндө Бишкек шаардык прокуратурасынын кабары бар болду бекен?-деген суроо туулат.

Жеке эле КР Билим берүү министринин гана эмес, премьер-министрлердин да алы жетпей келе жаткан Акмашаева Анаркүл Радбековна сыяктуу мектептин эрке директорлору бүгүнкү билим берүү тармагындагы очорулуп ордунан жылбай отурган реформанын “тормозун” тээп турганы кимге жашыруун?! Ап эми андай терс көрүнүштөрдүн күйөрманы чындап эле Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин жетекчиси Мейрманова Сауле Жаксылыковна болсо, анда бул кечиримсиз күнөө экенин унутпоого тийишпиз. Мектептер муниципалдык менчик, мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Бир да мектепти директорлорго атасы куруп, мураска калтырып кеткен эмес. Директорлор “курбу-курдаштарына” таянып өзүлөрү ойлоп тапкан эрежелерди мектепке таңуулап, окуучулар менен окутуучуларга каалагандай мамиле жасоого мыйзам тыюу салат.

КР Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөш боюнча иш аракеттерин четке каккан билим берүү тармагын ким көзөмөлгө алат?! Чындап эле билим берүү тармагы чирип бараткан жокпу?! Мындай башаламандыкты тескей турган укук коргоо органдары барбы?! Борбор шаарыбыз Бишкекте ушул абал болсо, анда четки аймактардагы мектептердин абалы кандай шартта болду экен?! Мыйзамды “Буйлалаган төөдөй” жетелеп алып, эч кимге баш ийбеген эрке кадрларды ким тескейт?! Мындай коррупциялык көрүнүштөргө мүмкүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жооп берээр…

Азамат Алыбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *