Эки ай эс алып келген Жогорку Кеңештин депутаттары СДПКчы Кожобек Рыспаевдин демилгеси менен эс алуусун дагы 12 күнгө узартты

Бүгүн, 1-сентябрда былтыр күздө шайланган Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын экинчи сессиясы ачылган эле. Бирок иш башталбай жатып эле СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев “Көчмөндөр оюнун көрүш керек, анан Курман айтты майрамдаш керек, ошондуктан эс алууну дагы 12 күнгө узарпайлыбы?” деп сунуш кылды.

Аны СДПКчы спикер Чыныбай Турсунбеков колдоп “Көчмөндөр оюнуна баруу үчүн депутаттарга 3 автобус камдап койдук. Каалагандар өз машиналарыңар менен да барсаңар болот” деп партиялашы Кожобек Рыспаевдин сунушун добушка койду.  Араң эле турган депутаттардан “макул” деген 69 добуш эсептелип, депутаттардын эс алуусу 12-сентябрга чейин узартылды.

Эл Жогорку Кеңештин депутаттарынан Москвадан күйүп өлгөн 14 кыздан кийин мигранттардын турмушун жеңилдетүү боюнча акылдуу сунуштарды же болбосо кыргыздын Унгар-Тоосун басып алган Өзбекстандык 6 милиционерди эмне кылабыз деген орчундуу маселелерди талкуулайт деп күткөн.

Бирок, Журтатасы болом деп жүргөн СДПКнын атасынан “парламент иштесе Текебаев сыяктуу депутаттар трибунаны пайдаланып, өлкөдөгү кыйын кырдаалды күндө айта берет” деп бул Чыныбай менен Кожобекке ошондой команда келип түшсө керек, “кыңк” этпей дагы 12 күнгө тарап кетишти.

Булак: Кyrgyztoday.kg

4 comments

  • Нур says:

    Уктагыла.Уктагыла.кыргыз чекеден кырылып жатканда да силер уктай бересинер.себеби силерде баары жайында:бийлик,байлык….Силердин ишинер да жок,журонунор таш,пейилинер мерез.Озбекистанда жаткан 4эркектин уй булоосунун унун укпадынар.чырылдап куйуп кеткен периштелердин уй булоосуно акчалай берип тим болдунар.силер ойлойсунар да баарын акча менен чечсек болот экен деп.адашасынар.акча да бир маселени чечет,экинчи маселени чечет…Кыргыздын келечегин ойлойсунарбы,максатынар кандай?-деген суроого эч бир жерде жооп берип кордунор беле чын журогунордон.силер эмес кыз башым менен мен ойлоп журогум кейийт.силерге ыраазы эмеспиз!!!

  • Алмаз says:

    Депутаттарга Унгар-Тоонун, же мигранттардын эч канда кызыгы жок, Унгар-тоону ойлоп деле коюшпады.

  • Алмаз says:

    Чынын айтканда биздин депуттарда уят жок экен, чек-ара маселесин чечип алмайынча булардын кантип тамагынан оокат өтөт, көчмөндөр оюндарында буларга бок барбы, уят депуттар!!

  • Нур says:

    Аша уялбай кочмондор оюндарында журот жыртайып.Каримовдун жаназасына катышып,эртенки кунго кам корсо болмок.деги эле адамдай болуп журсо болот
    Границадан андып эле турушат кошуналар.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *