Эки машинанын ортосуна кыпчылып калып каза болгон киши тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасы түшүндүрдү…

Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кара-Кечеде эки машинанын ортосуна кыпчылып каза болгон киши тууралуу бүгүн, 18-ноябрда”Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Алардын билдирұұсұнө караганда, кырсык мекеме иштеткен “Центральный” кенинин сыртында болгондуктан, ага алардын тиешеси жок. Кара-Кече кенинде 14төн ашык компания көмүр казат, алар иштеткен “Центральный” кенинде автотранспорттун кезеги сакталат. Көмүр жүктөгөнү кирген машиналардын кирип-чыгуусун жөнгө салуу тартиби бекитилип, көзмөлдөө пункту коюлган. Ал жердеги кароолчулар документти дыкаттык менен текшерет. Документи жок адамдарды киргизбейт. Бардык айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана тыгын жаратпоого дайыма айтып турабыз!

Эске салсак, 15-ноябрда, Кара-Кече кенинде КамАЗ айдаган айдоочуларга жол көрсөтөм деп, алардын ортосунан чуркап өтүүгө далалат жасаган адам машиналардын ортосуна кыпчылып калып, ооруканага жетпей каза болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *