Эки тараптуу пневмонияга чалдыккан Камчыбек Ташиевдин абалы оор бойдон калууда

Экс-депутат Камчыбек Ташиевдин бүгүнкү абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Камчыбек Кыдыршаевичтин уулу Тай-Мурас билдиргенин “Регион” телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Урматтуу мекендештер, Камчыбек Ташиев агабыздын учурдагы абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Камчыбек Кыдыршаевичтин уулу Тай-Мурас Ташиев билдирди. Кудай сактасын” – деп жазган Өткүрбек Рахманов.

Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев эки тараптуу пневмония оорусуна кабылып, оор абалда экени айтылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *