Эки жумадан бери дайынсыз болгон 14 жаштагы Белек Мамасабиров изделүүдө

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2006-жылы туулган Мамасабиров Белек Маркабаевичти издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди.

Белек Мамасабиров 14-июнда Аламүдүн районунун Өскөн-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 150-155 см, чачы кара.
Кийген кийими: кара түстөгү футболка, жашыл түстөгү спорттук шым, кара кепка.
Өзгөчө белгилери: оң колу менен далында күйүктөн калган тырыктар бар.

Милиция Белек Мамасабиров тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиздер, анда 0(312) 43-01-27, 0(312) 43-88-85, 0(312) 36-35-27, 0(312) 36-35-23, 0(709) 21-18-08,0(550) 34-33-63 0(778) 00-09-99 номерлерине билдирүүнү өтүнөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *