Каржы полициясы Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 4 миллион 756 миң 209 сом суммадагы акча которду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 4 миллион 756 миң 209 сом өлчөмүндө акча которду.

ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 166 миллион 84 635 сомду түздү.

Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта “Кыргыз Республикасынын Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбековдун Өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тиийштүү чараларды көрүү уланып жатат.

1 ой-пикир

  • Адилет says:

    Менин билишимче Кытайга 2025-жылы 350 млн. АКШ доллары б.а азыркы курс менен 24 млрд 150 млн. сом беришибиз керек. Почти бюджеттин 1/4 болугу. Азыркы кунго бирдиктуу депозиттик счетко канча акча чогулду? Чогулта алабызбы же бардык бюджеттик чыгымдарды асып коюп бюджеттин акчасын Кытайларга толоп беребизби? Кебетеси ошентебиз го. Даяр болгула баарынар 5 жыл бою тишибиздин кирин соробуз.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *