ЕККУ Түркиядагы шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн билдирди

Түркияда президенттик өнөктүк маалында үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөн жок. Бул тууралуу Түркиядагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча жарыяланган ЕККУнун болжолдуу баяндамасында айтылат.

Баяндамада учурдагы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган менен анын башкаруучу партиясы бардык тараптан, анын ичинде маалымат каражаттарында дагы артыкчылыкка ээ болгону белгиленген.

«Биз тараптан байкалган негизги чектөөлөр шайлоого таасирин тийгизди. Түркия бул укук бузууларды тез арада жоет деп үмүттөнөм», — деп билдирди ЕККУнун байкоочулар тобунун жетекчиси Игнасио Санчес Амор.

Түркияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган добуштардын көпчүлүгүнө ээ болуп, жеңишке жеткен. Анын башкы атаандашы эсептелген Элдик-республикалык партиянын өкүлү Мухаррем Инже добуштардын 30 пайызын алды. Инже шайлоонун жыйынтыктарын тааный турганын, бирок добуш берүү «толук таза болбогонун» билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *