ЕККУ жыйынына тыюу салынган диний партиянын мурдагы эки мүчөсү да катышат

Тажикстан 9-сентябрда Варшавадагы ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйынына өз делегациясын жиберди, алардын арасында “Ислам кайра жаралуу” партиясынын мурдагы эки мүчөсү да бар.

Чет өлкөдөгү тажик оппозициясы Варшавага 8-сентябрда эле келген. ЕККУнун адам укуктарына арналган жыйыны 10-21-сентябрда Польшада өтөт. Ага 57 өлкө өкмөтү менен жарандык коомунун 1800дөй өкүлү катышат.

Тажикстан президентинин алдындагы стратегиялык иликтөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров тажик делегациясынын курамында ТИМ, Ислам таануу борборунун өкүлдөрү, Ислам университетинин мугалими Абурахим Каримов жана “Ислам кайра жаралуу” партиясынын мурдагы мүчөсү Мавлави Айёмиддин жана башкалар бар экенин билдирди.

Буга чейин Тажикстан акыйкатчысы ЕККУнун жыйынына чакыруу албагынын билдирген. Айрым мамлекеттик аткаминерлер “жаңжалдуу иш-чарага” катышпай турганын айтышкан.

Тажик бийлиги менен ЕККУнун ортосундагы мамиле соңку эки жылдан бери солгундап кеткен.2016-жылы өлкөдө тыюу алынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” менен “Группа 24” кыймылынын тарапташтары ЕККУнун Варшавадагы жыйынына катышышкан. Тажикстандын расмий делегациясы нааразылык иретинде отурумдун аягына чейин катышпай, чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *