Экс-депутат Садыр Жапаров Ала-Тоо аянтына келди

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг кечээ, 5-октябрь күндүз Ала-Тоо аянтында башталып, кечинде нааразычылык акциясына чыккандар менен коопсуздук кызматкерлеринин кагылышуусу менен, андан кийин “Ак үйдү” басып алуу менен уланды.

Андан кийин, нааразы болгондордун бир бөлүгү УКМКнын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун талап кылышты. Ошондой эле, митингчилердин бир бөлүгү экс-депутат Садыр Жапаровду колониядан бошотушту.

Учурда Ала-Тоо аянтында 2 миңге жакын митингчи бар. Абактан чыккан Садыр Жапаров таңкы саат 06:00 чамасында  Ала-Тоо аянтына келди. Аянтка топтолгон эл Садыр Жапаровду “Садыр президент!” деп кыйкырып тосуп алышты.

Аянтта эл көп болуп, чуу болгондуктан Садыр Жапаровдун сүйлөгөнү жакшы угулган жок.

“Алар бийликке мыйзамдуу жол менен келиши керек болчу. Мыйзамдуу жол менен чыгуу үчүн үч жарым жыл түрмөдө отурдум. Бирок тагдыр болуп бүгүн чыктым” – деди ал.

Учурда УКМКнын абагынан чыккан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аянтка келиши күтүлүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *