Экс-мэрлердин соттук олтурумунда айыпталуучулардын бири өзүн жаман сезип, тез жардам чакыртылды

 6-ноябрда Бишкек Ленин райондук сотунда экс-мэрлер К.Кулматов менен А.Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланды.

Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча айыпталып жаткан Сейиткан Алиевдин жактоочусу Өмүрзак Мамыров айыптоочу тарап мектепке барып, көрүп келүүнү өтүнүч кылды. Сот өтүнүчтү дароо четке какты.

Анан эле бул иштеги Бишкек мэриясынын алдындагы коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек  Өмүрканов өзүн жаман сезип, аритмия менен ооруганын айтты эле, сот тыныгуу жарыялап, өзүн жаман сезген айыпталуучуга тез жардам чакыртылды.

С.Өмүрзаков жана дагы 4 айыпталуучу Калыс-Ордо мектебинин курулушу боюнча УКМКнын СИЗОсунда олтурушат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *