Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов Финполицияга суракка келди

Бүгүн, 12-январда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка келди.

Журналисттер аны кайсы иш боюнча суракка чакыргандыгы боюнча сурады.

“Мени эмне үчүн чакыргандыгын билбейм. Пандемияга байланыштуу болушу мүмкүн”, –  деди Боронов.

Белгилей кетсек, буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Боронов коронавирус пандемиясы учурунда чиновниктердин шалаакылыгына байланыштуу иш боюнча суракка чакырылгандыгын билдирген. Ошондой эле COVID-19дан көптөгөн адамдардын өлүмү фактысы боюнча иш жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *