
Экс-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Финполициядан сурактан чыкты. Ал суракка 11:00дө келип, 5 сааттай суракта болду.
Ал журналисттерге сөз коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардам жөнүндө болгонун айтты.
“Мен сиздерге башка маалымат бере албайм, анткени маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча документке кол койдум. Мени күбө катары чакырышты. Эми бул жакка мени чакырышпайт деп ишенем”, – деди Кубатбек Боронов.
Ой-пикир жок