Экс-президенттин кетиши башка саясый күчтөр үчүн жаңы жол ачылат

Жээн6еков менен Атамбаевдин тирешинин бүткүл тарыхына баам салганда, экс-президентке «өлкөдөн жакшылыкча кетип кал» дегендей ишара жасалгандай сезилет. Бирок, өзүнөн мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевден айырмаланып, Атамбаевдин качаар жагы жок болчу. Россия ага саясый башпаанек бергенин элестетүү кыйын, Жээнбековдун тегерегине баш кошуунун маанилүүлүгүн айтуу менен Путин муну ачык түшүндүрүп койду.

Кытай принцибинде башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпейт. Борбор Азия жана КМШ боюнча кошуналар мурдагы президент үчүн Кыргызстандын азыркы бийлиги менен мамилени бузушмак эмес. Азыркы кырдаал мурдагыга такыр окшобойт: Кыргызстанда революция болгон жок, баары мыйзам чегинде жасалды. Анан калса, баары жакшы бүтөрүнө ишенген Атамбаев өзү качууну каалаган жок. Анын активинде өлкөдөгү эң ири партия, популярдуу ЖМКлар, тарапташтары бар болчу. Особнягына чабуул башталардын алдында Путин менен жолугушканы да ага ишеним берди окшойт. Атамбаев үчүн Россиянын президентинин сөзү эмес (Путин ачык колдомок беле (?) дегендей), жесттин өзү – атайын ал үчүн «Рус Джет» авиакомпаниясынын спецборту жиберилип, коопсуздук үчүн Россиянын Канттагы аскердик базасынан учту, Путин графиги тыгыз болгонуна карабастан, аны менен жолугууга убакыт тапты – маанилүү болчу.

Бирок, бийлик жүргүзүп турган жылдарда Атамбаев Кыргызстанда өзүнө аябай эле көп душман арттырып алган. Бул жылдары саясатташкан кылмыш иштеринен жабыркагандардын арасында Атамбаевдин өзүнүн мурдагы соратниктери да (Бишкектин мурдагы мэри Түлеев), саясый каршылаштары да (Оштун мурдагы мэри Мырзакматов, парламенттин мурдагы спикери Келдибеков, оппозиционер Текебаев) бар. Атамбаев 2016-жылы конституциялык реформага каршы чыккан экс-президент Отунбаева жана башка таасирдүү кишилер менен да чатакка барган. Экс-президент ошондой эле ЖМКларга ачык кысым көрсөткөн («Вечерний Бишкектин» жаа «Заноза» жана «Азаттыкка» берилген доо арыздар).

Алмазбек Атамбаев бийликги революциясыз өткөрүп берген биринчи кыргыз президенти болду, бирок, жыйынтыгында баары бир кан төгүүнү болтурбай коё алган жок. Эми Кыргызстандын төртүнчү президенти саясый турмуштан узак мезгилге жоголот окшоп калды. Анын кетиши башка саясый күчтөр үчүн жаңы жол ачат. Бир жагынан президент Жээнбеков бийликти консолидациялоого мүмкүндүк алса, экинчи жагынан оппозиция 2020-жылдагы парламенттик шайлоого чыңалбаган кырдаалда даярданууга ык алат.

Кыргызстанга 2017-жылдагы президенттик шайлоодо административдик ресурссуз 34 пайыз добуш алып, Жээнбековго жеңилген оппозиционер саясатчы Өмүрбек Бабанов кайтып келди. Атамбаевдин кысымысыз Бабанов мындан да жакшы натыйжаларга жетишиши мүмкүн. Демек, Кыргызстан үчүн мурдагыдай эле салттуу борборазиялык автократияга айланып калуу коркунучу жок, анын саясый турмушу күрдөөлдүү жана конкуренттүү бойдон кала берет.

Carnegie Moscow Center (Россия)

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *