Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Эксперт Аркадий Дубнов: «Жаңы премьер-министр Садыр Жапаровдун артында уюшкан кылмыштуу топтор турат»
Саясат

Эксперт Аркадий Дубнов: “Жаңы премьер-министр Садыр Жапаровдун артында уюшкан кылмыштуу топтор турат”

“Кремлде Кыргызстандын башаламандык туңгуюкка жана уюшкан кылмыштуу топтун башкаруусуна өтүп кетишин токтотуунун бирден-бир шарттуу жолу бар, ал – каржылык жардамды токтотуу, Кремль аны колдонот”, – деп жазды саясий серепчи Аркадий Дубнов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.

“Бүгүн Бишкекте болуп өткөн окуялар, парламент тарабынан эртең менен премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган жана бир жума мурун гана “революциячыл” эл тарабынан түрмөдөн бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдун кечинде отставкага кетишин талап кылганы, жаңы премьер-министрдин артында алсыз бийликти шантаж кылган криминал турат деп айтууга толук негиз бар”, – деп жазды Дубнов.

Дубнов Жапаровдун уюшкан кылмыштуу топту “үчүнчү күч” деп атаганын “күлкүлүү” деп эсептейт. Саясат таануучунун айтымында, “криминал Кыргызстанды эбак эле башкарып алган”.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт