Эл аралык конференцияда Жогорку Кеӊеш менен жергиликтүү кеӊештердин өз ара алакаларын жакшыртуу маселеси талкууланууда

Бишкек шаарында «Жогорку Кеӊеш менен жергиликтүү кеӊештердин өз ара алакаларын жакшыртуу аркылуу шайлоочулар менен натыйжалуу иш алпаруу» темасында эл аралык коференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова, депутаттар Карамат Орозова, Элвира Сурабалдиева, Рада Туманбаева, Аида Касымалиева, АКШнын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни, Монголия парламентинин мурдагы депутаты Оюнгерел Дседевдамба, ошондой эле жүздөн ашуун жергиликтүү кеӊештердин депутаттары менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Конференциянын жүрүшүндө вице-спикер Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеӊештин депутат-айымдар форумунун жетекчиси Элвира Сурабалдиева, АКШнын элчиси Шейла Гуолтни чыгып сүйлөп, иш-чара катышуучуларын биргелешип иш алпарууга чакырды. Андан сырткары, алар жигердүү жарандык көзкарашы бар аялдар коомду өнүктүрө турган күч экенин белгилешти. «Азыркы шартта аялдар саясатка жигердүү аралашып, чечимдердин кабыл алынышына өз салымдарын кошууда», – вице-спикер.

Белгилей кетсек, эл аралык конференциянын катышуучулары Жогорку Кеӊеш менен жергиликтүү кеӊештердин өз ара алакаларын жакшыртуу аркылуу шайлоочулар менен натыйжалуу иш алпаруу, аялдардын чечимдерди кабыл алуу жүрүмүнө катышуусу боюнча биргелешип иш алпаруу, алардын саясат айдыӊына жигердүү аралашуусу сындуу бир катар олуттуу маселелер талкууланып жатат. Ошондой эле, алар шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, аялдардын жергиликтүү кеӊештерге болгон шайлоолорго катышуусун жандандыруу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жосундарына каршы күрөшүү жаатында пикир алышмакчы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *