Элчи Азимбек Бекназаров Малайзияга учуп кетти

Кечээ, 13-февраль күнү элчи Азимбек Бекназаров Малайзияга учуп кетти. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Руслан Бекназаров: “Малайзияга узаттым. Таманыңарда бейишим. Жаратканга миң шүгүр, силерге уул болууну насип кылган. Атамдын мүнөзүн жакшы билем. Эс алуу эмес, эки өлкөнүн мамилесинде, катташында, алыш-беришинде өзгөрүү сөзсүз болот. Биздин үй-бүлө канчалаган сыноодон өттүк. Биз сынбадык жана сынбайбыз. Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат. Аллах силерге адам затына арнаган жакшылыгын аябасын. Жашооңуздар пайдалуу жана берекелүү болсун” – деп пост жазган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп 2019-жылдын  26-декабрында дайындалган.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *