Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түрк радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын Башкы директору менен жолукту

Шейшемби, 3-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (ТРТ) Башкы директору Ибрагим Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

И.Эрен К.Өмүралиевге ТРТнын мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Кыргызстандын туристтик дарамети менен тааныштыруу жана инвестиция тартуу максатында, К.Өмүралиев И.Эренге Кыргызстан жөнүндө роликтерди ТРТнын каналдарында көрсөтүүнү, ошондой эле Кыргызстандын жаратылышы, тарыхый жерлери жана маданияты жөнүндө репортаждарды тартууну сунуштады. Ошондой эле аталган роликтерди ТРТ Аваз каналынан гана эмес, ТРТнын негизги каналынан дагы көрсөтүүнү сунуштады.

Тараптар, «Ош-шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» жылынын жабылуусуна байланыштуу иш-чараны чагылдырууда ТРТнын катышуусун талкуулашты. И.Эрен ТРТ аталган иш-чараны чагылдырарын баса белгиледи.

Жолугушууда жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында тажрыйба алмашуу маселеси дагы талкууланды. Тараптар кыргыз журналистеринин ТРТда стажировка өтүү маселесин улантууну макулдашты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *