Элчилердин парады: кими кайда барады?

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында ар кайсыл өлкөлөргө дайындалчу элчилердин талапкерлиги каралды. Комитет бир катар талапкерлерди колдоп берди. Алар:

Аликбек Жекшенкулов – Кыргызстандын Орусиядагы элчиси, бул кызматына кошуп Арменияга да талапкерлиги жактырылды. Бирок резиденциясы Москвада кала берет.

Бирок бул дайындоого депутат Бахадыр Сулейманов (“Ата-Мекен”): “Мунуңарга түшүнбөй турам. Москва кайда дагы, Армения кайда? Арменияга Грузия менен Азербайжан чукул эмеспи!”, – деп нааразы болду. Буга ТИМдин орун басары А.Мадмаров: “Армения Орусия сыяктуу ЕврАзЭСтин мүчөсү, ошол үчүн” деп кутулду.

Самаргүл Адамкулова – Кыргызстандын Кувейттеги элчиси, мурда Индиядагы элчи болчу, эми кошумча Иорданияга жана Бахрейнге да талапкерлиги жактырылды. Резиденциясы Эль-Кувейтте кала берет.

Бакыт Жусупов – Кыргызстандын Австриядагы элчиси, бул кызматына кошумча Чехия менен Словакияга да талапкерлиги жактырылды. Резиденциясы Вена шаарында кала берет.

Болот Отунбаев – Кыргызстандын АКШдагы элчиси, бул кызматына кошумча Канадага да талапкерлиги жактырылды. Резиденциясы Вашингтондо кала берет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *