Элчилик Москвада террорго шек саналган жарандын чоо-жайын териштирүүдө

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Москвада терракт жасоого аракет кылган” деген шек менен кармалган адамдын чоо-жайын териштирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда дипломатиялык өкүлчүлүк журналисттерге  билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-ноябрда Москванын Черемушка райондук соту борборазиялык 30 жаштагы Талант аттуу жаранды камоого санкция бергенин «Интерфакс» агенттиги жазып чыккан. Ал эми «Настоящее время» телеканалы Тергөө комитетинин өкүлү Юлия Ивановага таянып, ал кыргызстандык экенин, Москвага сентябрда барганын кабарлаган. Шек саналган адам 2020-жылдын 1-январына чейин камакка алынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *