Элди мектеп директорлору менен райОНОлор эзип бүттү

Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Абирова деген түшпөс “ханайым” бар. Мугалимдер бул аялдан тажап бүткөн эбак эле, көрөйүн деген көздөрү жок. Мыйзам боюнча кызмат ордун бошотуп бериши керек эле, бирок дагы беш жыл отураарын айтып мугалимдердин жүрөгүн түшүрүп жатыптыр. Тыйын-тыпыр маселесин чогултмай райондогу мектептерде шаардыкынан ашып кеткен. Ремонт, парда, жасалга деп баш-аягы беш миңге чейин акча чогулткан мектептер бар экен. Бир үйдөн 3-4 бала окуганда ата-энелерге эле күч болуп жатпайбы. Абирова бул маалыматтар менен кабардар эмеспи? Кантип эле? Министрлик эмнени карап жатат ыя? Бекер окуу деп коюшуп, элди директорлор менен райОНОлор эзип бүттү.

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

  • Тенизбай says:

    Кара-Суу шаарынын Ленин мектеби окуу жылынын башында эле ар бир окуучудан 650 сомдон ремонтко чогултат анын % тин ким жейт, АКС каякты карап журот, Президенттин ишенген уюму болсо, интернет окуйбу?…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *