Элди жеген “Энергохолдингдин” эмне кереги бар?

Эсеп палатасы мамлекеттик «Улуттук энерго холдинг» компаниясы 2017-жыл үчүн кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу үчүн 3,7 млн. сом кенемте мыйзамсыз төлөп бергенин аныктап чыкканы маалым болду. Текшерген адистердин билдиргенине караганда компаниянын жетекчилиги жумуш орундарына аттестация өткөргөн эмес, ошондуктан аларга кошумча төлөм берүүгө укугу болгон эмес. Мындан тышкары, «Улуттук энерго холдинг» компаниясынын маалымат кызматы мурдагы жылдары компьютердин зыяны үчүн кенемте төлөнүп келгенин моюндап, муну өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашкан деп түшүндүрдү. Мекеме эми бул берене боюнча төлөмдү алып салуу маселесин карап жатканын кабарлады. Бул каржылык мыйзам бузуу боюнча маалымат президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана башка органдарга жиберилген. Белгилей кетсек, 2017-жылы аталган мекемени Айбек Калиев башкарып турган. Ал учурда ТЭЦтеги жемкорлукка айыпталып, абакта жатат. Деги эле, «Улуттук энерго холдингдин» пайдасынан зыяны көп болуп жатканы акыркы учурларда ачыкка чыга баштаган. Маселен, борбордук апаратта 50дөй адам иштейт. Бирок жылдык бюджети деле 50 миллион сомдун тегерегин чапчыйт. Ал эми бул мекеменин азыркы жетекчиси айлыгы 100 миң сом экенин айткан. Мындай элди жей берген “Энергохолдингдин” эмне кереги бар?

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *