Элдик революция жана алтын чатагы

Эгемен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы мерчемдүү даталардын бири болуп калган 24-март да артта калды. Бул ирет бул дата мурдагы жылдардагыдай ашкере-саясий-популисттик, пиар-пропагандалык шөкөттөөлөр менен коштолгон жок. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун абдан кыска Кайрылуусу гана жарыяланды. Ал элдик революциянын мааниси али жоголо элек. Биз жана биздин эл үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейт деген мааниде…

Бул кайрылуунун фонунда, жалпы элдик маанайдан өзгөчөлөнгөнү менен гана эсте калып, Москва тараптан үн каткан окумуштуу-физик Аскар Акаев (аны кээде басма сөздө азырга чейин жаңылыш түрдө “экс-президент” деп атап келе жатышат, — ​ал мындай ардактуу макамдан эбак эле расмий түрдө ажыратылган!) 2005-жылдын 24-мартындагы элдик толкундоону криминалдык төңкөрүш катары баалады.

Эмне демекчибиз? Туура, абдан күчтүү ыйгарым укуктары бар президенттик бийлик креслосунда 15 жыл олтуруп, элди эзип, жедеп жакырлантып, итке мингизгени аз келгенсип, четтен басып алган бийликтен бетер, элге каршы ок атып, мыкаачы-баскынчы саясат жүргүзө баштаган бийликке каршы эркиндикти сүйгөн, эч качан мүңкүрөп калбаган улуу кыргыз эли башында турган жалпы Кыргызстандыктар түп көтөрүлө козголушуп, Аскар Акаевди артын карабай качууга аргасыз кылганы али эстен кете элек!.. Ким билет, балким, ошол он миңден ашуун аянттагы элдин арасында анча-мынча криминалдык маанайдагы элементтер деле болгондур?.. Ошол селдей агылган эл тобун атайын рентген сыяктуу талдоодон өткөрбөгөндөн кийин, жалпы элдик толкунга ошондой бир жактуу, субъективдүү ярлык тагуунун өзү эле Акаевдин абдан аянычтуу карый баштаганын айгинелеп тургансыйт. 15 жылдан бери президент кездеги өз жаңылыштыктарын, бийликте олтуруп билип-билбей кетирген чоң каталарын жана да билип туруп, атайылап — ​максаттуу түрдө, легендарлуу парламентти жарга такап туруп жасаган арамза иштерин (алардын ичинен эң башкысы — ​Кумтөрдү атоо эле жетиштүү болор?!) кылдат электен өткөрүп, өтө кеч болсо да, өкүнүч сыяктуу сезимдерди баштан кечирүүнүн ордуна, минтип жалпы эл криминалдардын эркинде жана жетегинде калган деген сыяктуу ойду айтып жатканы — ​Аскар Акаевдин жеке трагедиясы экендиги түшүнүктүү…

Аскар Акаевге эң алгачкы оппонент болгон легендарлуу парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов — ​элдин көзүнчө, бейрасмий маектешүү учурунда, ачык эле айткан дешет: сен кыргыз элинин шоруна жаралган бир шоркелдей экенсиң! — ​деп… Бул таасын баа кийин тез эле тастыктала баштап, жалпы коомчулуктагы протесттик маанай күчөй берген. Аз-аздап жыйыла берген нааразычылыктар, акыры келип тосмо-плотинаны жарып чыгары ошондо эле байкалып калган!..

Ал эми “криминалдык күчтөрдүн” таасирине кайра келе турган болсок, айтылуу Эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Жерин саткан — ​Элин саткан менен барабар” деген учкул саптарынан башка дагы, бул акаевдик кырдаалга байланыштуу абдан таамай иллюстрация болуп бере ала турган, “Жакшы ууру” аттуу ыры бар. Анын кыскача мазмуну: лирикалык каарман үйүнөн Алыкулдун китебин эки-үч ирет жоготуп, таппай калгандан кийин, өзүнчө өкүнө, ойлонуп олтуруп, мындай бир парадоксалдуу жыйынтык чыгарат: жакшы китепти баалай алгандар аз заманда, Алыкулду түшүнүп, уурдап кетип жатса — ​демек, ал жакшы ууру турбайбы?! — ​деп…

Анын сыңарындай, эгерде Аскар Акаевдин айтканы чын болсо, анда ошол 24-марттагы жалпы элдик толкундун арасындагылардын 2–3 пайызы криминалдар болуп калган күндө деле, ушундай антинародный, жеке үй-бүлөсүн гана ойлоп, өз жакын кошоматчыларын гана “эл” деп түшүнгөн бийликке каршы чыккан криминалдык күчтөр — ​“элди ойлогон, патриотчул, абдан жакшы криминалдар тура!?” — ​деген сарказмдуу ой жаралат.

Тээ бир кезде, өзү эми ушул бойдон президенттик бийликте түбөлүк кала тургансып, тактан өзү кетсе да, бийликке бала-чакасын, үй-бүлөсүн олтургузууга даярданып калган, а бирок, көзүн май баскандыктан, өзү үчүн күтүүсүздөн эле бийликтен шыпырылган, шыпырылып эле тим болбой, шерменде болуп, артын карабай качып кетип, ошондон бери мекенине келе албай, ал тургай, бир туугандары өлсө да келип топурак сала албай жүргөн адамдын 24-мартка карата айткан ойлоруна каршы дагы көп нерселерди жазууга болор эле… Арийне, азырынча ушуну менен жыйынтыктай туралык.

Улуу Ата Мекендик согуштун эң катаал, эл тагдыры кылдын мизинде турган кезинде, армия алсырап, улам жаңы кучтөргө муктаж болуп турган чакта, тылдагы түрмөлөрдөн бошотулуп, эгерде мекен үчүн өз каныңарды төксөңөр, мурдагы кылмыштарыңар кечирилип, баарыңар тең толук акталасыңар деген талап менен түзүлгөн “штрафтык батальондору” эриксизден эске келет. Деги азыркы түзүлгөн кырдаалда, кыргыз эли Аскар Акаев сыяктуу адамды кечириши үчүн, дагы кандай “штрафтык батальондорду” ойлоп табууга болот? “Саткындар”, “качкындар” же жеке кекиртегин гана ойлошкон, кыргыз элине чыккынчылык кылган коррупционерлер батальондорунбу?..

Бермет Букашеванын “Секреты власти” аттуу кезектеги телепрограммасы экс-вице-премьер министр Базарбай Мамбетовдун маегине арналды. Жалпысынан алганда, жалаң гана олуттуу аргументтерден, конкреттүү цифралардан жана фактылардан куралган маалыматтар берилди. Адатта, цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай маалыматтар атайын кылмыштарды тергөөчү жана соттук органдар тарабынан дыкаттык менен иликтенип чыгат. А бизде андай болушу абдан күмөн…

“Кумтөр” алтын кенинин “иштетилишинин тарыхы” гана эмес, дегеле биздеги алтын кендеринин азыркы абалы тууралуу тири укмуштай жан кейиткен маалыматтарды уккан нормалдуу адамдын төбө чачы тик турат. Ал эми мындай кырдаалга өз жумушунун табияты аркылуу дароо реакция берүүгө милдеттүү адамдардын кайдыгер карап келе жатышкандыгы — ​баягы эле кылмыш жана коррупция деген түмөн-түйшүктүү түкшүмөлдөрдү гана жаратып тим болот.

Легендарлуу парламент акаевдик бийликтин коркутуп-үркүтүүлөрүнө, тири укмуштай кысымдарына карабастан, “Кумтөр” боюнча канаждалыктар менен биргелешип иштөө келишиминдеги Кыргызстандын үлүшүн 33 пайызга деп түзгөнгө жетишкен. Андан бери ал келишим улам кайра каралып, ар кандай шылтоолор менен кайрадан түзүлүп олтуруп, жогорудагы үлүшүбүз 11 пайызга (!) түшүп калган. Башкача айтканда, Кыргызстанга жана кыргыз элине карата ачык эле саткынчылык-чыккынчылык мамиле жасалган. Мындай ачык эле, чаламандын чак түшүндөгү бети жок карактоого африкалык эң эле артта калган өлкөлөр да жол бербеси маалым. Кумтөрдөн 1997-жылдан 2017-жылга чейин канадалыктар 358 тонна таза алтын алышкан. Бул 8,8 миллиард долларга барабар. Ал эми Кыргызстанга ошол өзүбүздүн 358 тонна алтындан бар болгону 11 проценти тийген.

Баарынан кызыгы, ошол эле Базарбай Мамбетовдун айтымында, 14 жыл бою канадалык компания дүйнөдөгү эң ири 10 алтын кендин ичинде 7-орунда турган Кумтөрдөн алтынды оргуштатып казып алып жатса да, бир тыйын да Кыргызстанга төлөгөн эмес. 2009-жылдын 24-апрелинде кийинки президент Курманбек Бакиев Кыргызстан өндүрүлгөн алтындын 13 процентин алат деген жаңы келишимге кол койгондон кийин гана, 2009-жылдын жыйынтыктары боюнча 38 миллион доллар төгүп берген.

Ал эми Акаевдин тушундагы мезгилдеги алтын кирешелери кандай алдамчылык жолдор менен жок кылынган? Кудай өзү кыргыз элине тартуулаган табигат белегинин эсебинен кимдер туйтунган? 14 жыл бою канадалыктар Кыргызстанга бир тыйын да бербей келишкенинин өзү эле — ​алардын колдошкон “кожолору” өтө жогорку бийликте олтурган адамдар экенин билдирип турат. Алар кийинчерээк гана, элдик революциядан соң, элдин кыжырданган маанайынан сестенип, жаны келишимдерди түзүүгө барууга мажбур болушкандай.

Кумтөр алтын кенинде дүйнөдөгү эң ири жана жогорку өндүрүмдүүлүк камсыздалган — ​жылына 18–20 тонна алтын алынат. Эксперттердин айтымында, Россияда да, Өзбекистанда да, Индонезияда да бир эле алтын кенинен ушунча көлөмдөгү алтынды ала алышпайт. 2011-жылы 19 тонна алтын сатышкан канадалыктар 941 миллион доллар пайда табышкан. Кыргызстанга болсо баягы эле 13 процент деген эсеп менен 130 миллион доллар которуп коюшкан. Кайра эле, эриксизден легендарлуу парламенттин бери эле болгондо теңме-тең иштетип, пайдасын да тең көрөлүк деген абдан катуу аракети эске түшөт!

Башка дагы мисалдарга кайрылалык: 1997-жылы америкалык компания «Ньюман» Өзбекистандагы Мурунтау алтын кенин иштете баштаган. Ислам Каримов катаал шарт койгон: алтындын 70 проценти Өзбекистанда калуусу керек деген. Инвестор буга кубана макул болуп, 10 жылдан кийин Каримовго ошол 30 процент үчүн ыраазычылык билдирип, бул көлөм компания алган 270 миллион доллар өлчөмүндөгү кредиттен бир жарым жыл ичинде кутулууга мүмкүндүк бергенин айтып, эми мындан аркы киреше алардын өздөрүнүн таза кирешеси болуп каларын билдирген. Ушунун өзү эле, Акаевдик бийлик кыргыз элинин колундагы жалгыз ишенген байлыгын канчалык ыплас, кылмыштуу жолдор менен жок кылганына таасын иллюстрация боло алат!..

100 тонна алтын запасы бар Жерүй жана дагы 15–20 тоннадан 30–45 тоннага чейинки ондогон чакан алтын кендери тууралуу айтпай эле коелук. Алардын ар биринин иштетүү, келишим түзүү, киреше табуу боюнча ушул сыяктуу эле “кайгылуу тарыхтары” бар.

Экономика маселелерин, дегеле өнөр-жай, өндүрүш проблемаларын мыкты билген Базарбай Мамбетовдун айтымында, Кыргызстандын мамлекеттик бюджети эң жакыр бюджеттердин бири. “Апрель революциясынан” соң экс-президент Алмазбек Атамбаев (саясий окуялар азыркы өңүтүнөн жазбай өнүгүп жүрүп олтура турган болсо, анын да “экс-президент” статусунан ажыроочу мезгили жакындап калганын болжолдоо анчалык кыйын деле эмес!) ооз көптүрө, “революциячыл жаңы бийлик” мамлекеттик бюджетти эки эсеге көтөрдү, бажылык төлөмдөрдөн жана салык төлөмдөрүнөн түшкөн көрсөткүчтөрдү баланча пайызга көтөрдү деп кайра-кайра мактанганды жакшы көрчү эмес беле. Көрсө, ошол мактанган бюджетибиз (2 миллиард доллар) Грузия, Молдова, Армения сыяктуу биздей чакан мамлекеттердин бюджетинен эки эседен да көп аздык кылат экен! Алардын бюджети 4,5 миллиард долларга барабар. Ал тургай, узакка созулган жарандык согуштан чыгып, он жылдан ашуун экономикасы талкаланган Таджикистандын бүгүнкү бюджети 4,5 миллиард доллар болгон соң, биздин жегич-ичкич, нысапсыз-тойбос жетекчилерге аргасыздан кыжырың кайнап, элиң үчүн ичиң күйөт да?!

Талды-Булак алтын кенине Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде, 2006-жылы Казакстандык компания келип, «Кыргызалтын» менен келишим түзүшкөн. Ал келишим боюнча алтындын 60 проценти казакстандык компанияга бекер берилген! Алар 7 жыл ичинде кенди ишке киргизебиз деп убадалашканы менен, өз эсебинде бир тыйын да акчасы жок, аферист компания болуп чыккан. Алар эч нерсе кылбай туруп, дагы 7 жылдан кийин өз үлүшүн кытайлык компанияга 76 миллион долларга сатып жиберген. Анан дагы эң кызыгы — ​бул компания биздин кенди сатып жибергени үчүн Кыргызстандын бюджетине бир тыйын да беришкен эмес!..

Азыркы кезде Талды-Булак алтыны Кытайга концентрат түрүндө шашылыш ташылууда. Алар жарымынан көбүн казып бүтүп калышты. Өздөрүндө алтынды бөлүп алуучу фабриканы 120 миллион долларга салып алышкан. Тагыраагы, — ​кытайлыктар жада калса даяр турган Кара-Балта аффинаждык заводун жумуш менен камсыз кылууну да бизге ыраа көрүшкөн эмес. Эмне демекчибиз, өзүн өзү сыйлай албаган мамлекетти өзгөлөр сыйламак беле? –деп баш чайкагандан башка арга жок!..

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *