Электр энергиясынын баасы көтөрүлөт

Жогорку Кеңеште Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев 2018-2020-жылдарга карата электр энергиясынын тарифи 10 пайызга көтөрүлө турганын айтты. Бул туурасында: «Бизде электр наркы башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3-4 эсе арзан, «социалдык тариф» деп койсок да болот. Ошондуктан анын баасын акырындык менен жогорулатууга туура келет», – деп билдирди. Мына сага, революция эмне себептен болду эле дегенди ойлогон аткаминер жок. Көздү май басканда ушундай элге каршы демилгелер көтөрүлө баштачу эле. Эски бийликтин тушунда элди нааразы кылган демилгени Бакиевдердин шыкагы менен Данияр Үсөнов көтөрдү эле, Дүйшөнбек Зилалиев башы өз элине батпай жүргөн качкындан телефон чалып кеңеш алган го..

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *