“Электр станциялар” ААК мурунку башкы директору жана орун басары камакка алынды

 2018-жылдын 19-апрелинде “Бишкек шаарынын ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Электр станциялар» ААК мурунку башкы директору, азыр убакта Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазовго жана «Электр станциясынын» ААК башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Назаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айыбы угузулду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту С.Авазов жана Ж.Назаровго карата тергөө аягына чейин МУКК ТКЖ  камака алуу тууралуу баш коргоо чарасын карады. Тергөө жүрүп жатат.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *