Электроэнергия спекулянт компаниялардан качан мамлекетке өтөт? Ортомчу, жеке менчик 26 компания качан жабылат?

Кубаттуу өнөржай ишканаларыбызды кыйраттык, уникалдуу Кумтөр алтынын ит жеминдей акчага карматтык, мамлекеттин казынасына ири киреше келтируучү тармактарды жеке менчикке өткөртүп, өлкөбүздү итке минген деңгээлге жеткирдик. Жер жайнаган алтын кенибизди, кирешенин бекер булагы болор көккашка суубузду өз өлкөбүздүн кызыкчылыгына пайдалана албадык.

“Кара алтындарыбыз” жеке колдорго өттү. Анан кара күчкө “нефтибиз жок” – деп каңырыкты түтөттүк. “Колдо бар алтындын баркын билбей” мамлекетибиз карызга белчесинен батты. “Ишенген жалгыз тообуз” эми электроэнергетика тармагы болуп калды. Жер жайнаган ГЭСтерибиз туруп, Казакстандан эки-үч эсе кымбатка электроэнергияны да сатып алганга үлгүрдүк. Эми электро тармагы дагы кимге, качан сатылат деп калтырап карап отурабыз. Бул тармак да эми сатылып кетпесе деп кудайлап, жакабызды карманабыз. Алдаркөсөө алдооч баштыгын кыргыз жергесинде калтырса керек, ал колдон колго өтүп, азыр кимисиүнин колуна өттү экен деп чийки май жеген абалга келдик.

Бул маселеге бекеринен кайрылганыбыз жок. Электроэнергия тармагы – элибиздин жашоосундагы башкы керектүү булак. Эгерде бул тармак мамлекеттин көзөмөлдүгүнөн чыкса, өлкөдө калкыбыз эң оор жашоо шартына туш болору анык. Ал эми бул тармакка көзүн кызарткандар акырындык менен жеке менчикке өткөрүүгө тымызын аракеттерин жасап, “Электр станцияларын” акционердик коомго толук өткөрүү максатын көздөп келет. Тактап айтканда, бул акционердик коом ГЭСтен чыгарылган электроэнергияны арзан баада дүңүнөн сатып алып, аны керектөөчүлөргө кымбат сатууга багытталып түзүлгөн десек болот.

Учурда “Электр станциялары” акционердик коому электр энергиясын дүңүнөн сатып алып, кайрадан аны керектөөчүлөргө саткан ири соодагер болуп саналат. Анда регионалдык бөлүштүрүүчү компаниясы – “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Ошэлектро” акционердик коомдору жана 26 локалдык жеке менчик компаниялардан турат.

“2018-жылы бул акционердик коом тарабынан жалпысынан 15472,7 миллион кВт-саат электро энергиясы сатылган. Анын ичинен өлкөбүздүн ички рыногуна 13578,9 миллион кВт-сааты бөлүнгөн. Булар ГЭСтен 1 кВт-саатын керектөөчүлөргө 9,3 тыйындан сатышып, 7,4 тыйындан таза киреше алышкан. Ал эми электроэнергиянын бул кездеги өздүк наркы 51,9 тыйындан болгон.

“Электр станциялар” акционердик коому жылуулук энергиясын жана ичүүчү сууну иштетип чыгарууга 10536,4 миллион сом сарптап, 10618,2 сомго сатып, 81.1 миллион сом таза кирешеге ээ болгон. Бул жагынан алганда жаратылган “ийгиликтер” көптөгөн шектенүүлөрдү жаратат. Себеби, ушул энергияны азыр карапайым калк турмушуна кеңири пайдаланышат. Ал эми керектөөчүлөргө орто эсеп менен 59,3 тыйынга сатылганы чын болсо,анда неге эл ар бир кВт-саатына 70 тыйындан төлөшөт, ал эми 700 киловаттан ашканда үстөк баасы 1,5 эсеге көтөрүлүп, акыркы чек 2 сом 12 тыйынга чейин жогорулатылат? Энергиянын тарифтик баасындагы бул артыкпаш акчалар кимдин “сол чөнтөгүн” ысытып жатат болду экен? “Ак сарайда жашагандардын” төлөбөгөн карыздарын карапайым калтын “карманынан” алып жаап берүүгө ушул ставка кызмат кылса керек, ээ!? Кеп оролу ушунда эмеспи.

Булак: «13-квартал»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *