Эльмара Турсуналиева, алып баруучу: “Диджейдин көркү үнүндө”

Бала күнүмдө радиодо Эльмара Турсуналиеванын үнү жаңырганда ушул эжекедей таттуу сүйлөгөн кыз болом дечүмүн. Убакыт өтүп эс тарта баштаганда кыргыз радиосундагы заманбап диджей деген түшүнүктүн сап башында турган, алгачкылардан болуп ошол терминди элге жеткире алган эжеке менен бир жолугуп сүйлөшсөм деп тилек кылдым.  Кудай ошол күндү  насип этип, көздөгөн тилегиме жетип алтын үндүү Эльмара эже менен баарлашып отурдум.

– Концерт, кечелерде алып баруучу, радиодо диджей,  тойлордо тамада болуп жүрөсүз. Кантип жетишип жатасыз?

– Ар бир жумушуң сенин жүрөгүңө жакын болгон соң ар бирин бүтүрүүгө болот. Мисалы, мен көп убакыт концертке чыкпай калсам ошол концерттеги атмосфераны, концерттеги маанайды кадимкидей сагына баштайм.   Турмушта чыгармачылык,  эл алдында жүрүү, үй-бүлөнү  жана башка  бардык нерсени камсыз кылганга материалдык тыл болуш керек. Кыргыз элинде той болуп жаткандыгына шүгүрчүлүк келтирсек болот. Себеби тойдун аркасы менен шоу бизнестеги канча деген  адамдардын  жан сактоосу жүрөт. Ошол эле  операторлор, ырчылардан баштап ошол жерде кызмат кылгандардын баарын багып жаткан  той. Тамадалык – менин эң жакшы жумуштарымдын бири. Өзүмдүн материалдык кемкарчымды толуктагандан сырткары,  ал жан дүйнөмдү  да толуктайт. Анткени концертти алып барган адам радиодо диджей боло албайт. Себеби ар бир нерсенин спецификасы ар кандай. Радиодо диджей болгон адамдын бардыгы эле тойду алып бара бербейт. Анткени тойдун өзүнүн талаптары бар. Концерттин талаптары башка, эфирдин талаптары башка. Тамадалыктын талаптарын өздөштүрүп аны алып кетүү, ошол тамадалык менен кемкарчты толуктап, кадыр-барк күткөндүк мен үчүн чоң жетишкендик, чоң байлык деп билем. Үчөөнү тең алып кетүү мага түйшүк эмес. Ушул үч нерсенин бирөө кемип калса эле мен өзүмдү ыңгайсыз, жаман абалда сезем. Үчөө тең менин чыгармачылык жолумда бар болуп туруш керек.

– Тамадалыкты заман талабына ылайык аркалап калдыңызбы?

– Албетте  заман талабына жараша эле аркалап калдым. Мен  жулунуп тамада болом деп алдыма максат койгон эмесмин, эл өзү сүрөп кетти. Биринчи тамада болгон тоюм белгилүү композитор Тарас Асанакунов  агабыздын  апасынын 50 жылдык мааракесинде болгон. Тарас байке өзү  тойду алып баруумду сунуштаган. Билбейм дегениме карабай үйрөнөсүң деп үйдөн келип алып кетип, микрафонду карматып койгон эле. Бул нерсе мага турмуштун берген белеги, өзүнөн өзү жалгашып кеткен жумушум деп  эсептейм.

– Үнүңүзгө кантип кам көрөсүз?

–  Аткаруучунун, тамаданын, диджейдин көркү  анын үнүндө. Анткени диджейдин өңү эфирден көрүнбөгөндүктөн  күчтүү,  таасирдүү, адамдын көңүлүн өзүнө бурган бул анын үнү. Демек, үнгө кам көрүшүбүз керек. Өзүн- өзү аябаган киши муздак сууну иче берет. Мен муздак абада  көп жүрбөгөнгө аракет кылам. Майлуу эмес шорпону ысык ичкен да  үнгө пайдалуу. Эртеси күнү үнүң ойгонбой калат, бирок жалпысынан пайдасы чоң. Кам көрүүдө көп сүйлөбөш керек,  кыйкырбаш керек.

– Бир эле учурда концертке да, тойго да чакырып калган учурлар болобу? Ал учурда сиз кайсынысын тандайсыз?

– Албетте графикти карайм. Эгерде концерт менен тойду бир күнгө алып кала турган болсом, мен  концертти тандаар элем. Анткени концертти алып баруу бул кыйла жоопкерчиликтүү жумуш.

– Жеке менчик радио менен мамлекеттик радионун ортосунда иштөөнүн кандай айырмачылыктары бар?

– Экөөнүн ортосундагы эң биринчи айырма – бул эмгек акыда. Мамлекеттик радиодо иштеп жатканда   биздин акыбыз  аябай көп эмгек акы алды дегенде штаттык расписание боюнча он миң сомго барабар болот. Ал эми жеке менчик радио станцияларда эмгек акы кыйла жогору. Экинчиден, ар бир баскан кадамыңды оңой-олтоң чечип аласың.  Мамлекеттик радиодо обого алып чыга турган программаны ар бир кишиге текшертип, бир айга жакын убактыңды, нервиңди кетиресиң. Мамлекеттик радио  нервиңди ала турган, тетиктери татаал чоң машина десем болот.

– Мындан 20 жыл мурдагы Эльмара айым менен азыркы Эльмара айымдын айырмасы кандай?

– Айырмасы  аябай чоң.  20 жыл мурун мен эч нерседен коркчу эмесмин. Бир жумуштан чыгып экинчи жумушка кирип кетүү мен үчүн  маселе эмес болчу. Ал эми азыр бардык нерсеге саресеп салып,  эсептеп-чоттоп, бир нерсе жасаар алдында маалымат чогултуп, анан  акырындап жасашым ыктымал же баары бүткөндөн кийин жасабай эле коёюнчу деп коюшум да мүмкүн.  Экинчиден, азыр мен жакшы нерселерге сүйүнгөндү үйрөнүп калдым. Жашоодо болуп жаткан нерсенин бардыгы чоң эмгек, чоң мээнет менен, мээнеттин артындагы тилектер менен келе тургандыгын түшүнүп, баардык нерсени баалаш керек экендигине көзүм жетти.

– Алгачкы маянаңызды качан алып, эмнелерге жумшаганыңыз эсиңиздеби?

– Менин эң алгачкы маянам 100 сом болчу. Анда мен Кошмуратов Рустам Гапарович жетектеген “Алмаз” радиосунда иштечүмүн. Учурдан пайдаланып радионун быйылкы 25  жылдык мааракеси менен куттуктайм. “Алмаз” радиосу Кыргызстандагы эң биринчи көңүл ачуучу радиостанция болчу. Кыргызстандагы мен кыйын  деген мыкты диджейлердин бардыгын тарбиялаган ошол радионун эфири.  Ошол жактан  алгач 100 сом маяна алып, биринчи эмгек акым деген ниетте үйгө таттууларды, белектерди алып, 50 сомду көтөрүп  баргам. Ошондо апам аябай сүйүнүп, Эльмара биринчи акчасын таап келди деп кошуналарды чакырып аш басып берген.

– Аш демекчи, ашканада кандай кожойкесиз?

– Эң биринчиден, аял киши болгон соң  ашканада балдарым, жолдошум жакшы көргөн тамактарды жасап бергенге ниеттенем. Менин жолдошум суюк тамактарга эмес, экинчи тамактарга басым жасайт. Убактым ар дайым  тар болуп калат, бирок ага карабай кээде очок жагып тамакты даамдуу жасаганга  аракет кылам. Мен ашканада жакшы кожойкемин десем жаңылбайм.

– Азыркы чыгып келе жаткан жаш алып баруучу, диджейлерге кандай кеңеш бересиз?

– Учурда чыгып келе жаткан жаш алып баруучу эркектерге мен төмөнкүдөй кеңеш берет элем. Кийим,  аялдардын кийими жана эркектердин кийими деп экиге бөлүнөт. Ошондой эле адамдын сүйлөө манерасы да экиге бөлүнөт.  Эгерде кыз киши үнүн кулпуртуп кылыктанып сүйлөсө кыз кишиге жарашат. Бирок эмнегедир биздин эркектерибиз кыздардай болуп үнүн ойкутуп-кайкытып,  кыздарга окшоп күлгөнү, жасалмалуулук адамды ирээнжитет. Бирөөнү колдоп койгун келсе эфирден күлбөгүлө. Урматтуу биздин эркек диджейлер, кыздардын интонациясын кайталабагыла. Экинчиден, кимдир бирөөнүн эмгегин туура атай албасаң сен микрафон алдында отурганга акың жок. Ошондуктан аткарылып жаткан ырдын авторлоруна кылдат көңүл бөлүү зарыл. Ал эми кыздар үчүн өтө кубанычтамын.

Булак: Асман плюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *