Элмира Ибраимова, Эсеп палатасынын экс-башчысы: “Бийлик алган карызды биз төлөйбүз”

Учурда саясатчылар да. саясатка сереп салгандар да Кыргызстанда кытайдын экономикалык таасири күчөп бара жатканын байкашууда. Өзгөчө бул тема өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Кытайга жасаган акыркы сапарына байланыштуу кызуу талкууга алынып, айрым серепчилердин айтымында, шайлоо алдында жана ал өткенден кийин өлкөдегү абалды сактап калууга өтө керек болгон каржылоо алуу учун ажобуз Бээжинге барып келген имиш. Ошол эле мезгилде маалымат каражаттары тышкы карызынын өлчөйгөн бөлүгүн Кыргызстан Кытайга бериши керектигин чарчабастан жазып келет. Ушундай абалда эмненин үстүнөн чыгабыз, ошол карызыбыз республика жана дүйнөгө атагы чыккан мамлекет менен мамилесине кандай таасир тийгизээри тууралуу биз ушул теманы биринчилерден болуп көтөргөн зкономикалык серепчи, КРнын Эсеп палатасынын мурдагы терайымы Эльмира Ибраимова менен маек курдук.

– Кыргызстанга болгон кытай инвестицияларын көбүнчө экономикалык экспансия дешип, бул өлкөнүн эгемендүүлүгү жана жалпы эле суверендүүлүгүнө коркунуч туудурат деген сөз жүрүп жатат. Сиздин пикириңиз кандай?

– Маселе Кытайда эмес, биз өзүбүз акчабызды башкара албайбыз, тыштан карыз алуу саясатыбыз жок, башкача айтканда, маселе Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн системалуу иш алып баруусунун жоктугунда.

2016-2018-жылдарына карата карыз стратегиясына ылайык КРнын тышкы карызы бир насыя берүүчү алдында тышкы карыздын жалпы куржунуна ылайык 50 пайыздан ашпоосу керек эле. 2016-жылдын ноябрь айынын соңунда Кытай берген карыз­дын көлөмү тышкы карыздын 39,9 пайызын түздү. Жаңы ири долбоорлор боюнча келишим түзүлбөгөндүктөн, 2018-жылга карата кытайга болгон ка­рыз 41-42 пайызга жетчүдөй.

Насыя кайсы долбоорлорго берилээрин кыргыз тарабы чечет. Мына ушул жерде чечим кабыл алууга келгенде башаламан түшүп, чаржайыт болобуз. Насыя тартуу саясатында маанилүү максаттар белгиленген эмес, орто жана узак мөөнөттүү карыз алуу планыбыз жок. Насыя тартуу боюнча чечим кабыл алуу •системасынын табийгаты сүрөөгө тартат. Кызыкдар тараптар коомчулуктун көңүлүн белгилүү бир маселеге көзөп коёт. Анан тиешелүү мекемелер ошол маселени чечүүгө эмне үчүн каражат жоктугун ырааттуу түшүндүрүп, ошол эле мезгилде системанын өзүндөгү кемчиликтерин жашырып коёт (маселен, энерге­тика, жол тармагы, сугат ж.б.). Ал эми калган долбоорлор чаң баскан бойдон унутта кала берет.

Алынган насыянын максаттуулугуна жалпы анализ бербей, баш аламан ала берүүнүн кесепети кайгылуу бо­луп калышы мүмкүн. Ал эми Кытай жетекчилери Кыргыз­станга жардам бергиси келип, башка донорлорго салыштырмалуу ири өлчөмдөгү каражат берип жатканынан улам бул өлкөгө болгон кызыгуу күч.

– Өлкө туруктуу карызга батат деген коркунуч барбы?

-Бийлик башындагылардын (маморгандарынын) карыз алуунун чеги болсо, ошол чегине чейин тез арада карыз алуу керек деген пикири кайгыртпай койбойт. Ошол эле мезгилде белгилүү бир долбоорго алынган карыздын зкономикалык максаттуулугу эсептелинип, ал долбоор ишке ашырылса андан кандай социалдык-экономикалык таасир болоору жана ал канчалык туруктуу болоору эсептелинбейт. Мындай маалыматтын жабык болушу демек, мамлекет алган карызды өз чөнтөгүнөн төлөп берүүчү салык төлөөчүлөргө бийлик тарабынан болгон кайдыгер мамилени көрсөтүп турат. Мамлекеттик карыз башкаруу системабыз саясий бийликтин заматта өзгөрүп туруучу эркине толугу менен багынган. Ошондуктан КРда фискалдык тармакта тобокелди эсепке алуу системасы түзүлбөй, узак мөөнөткө алынуучу карыздардын таасирдүү саясаты менен камсыздалган эмес.

Алган акчаны тезирээк коротууга умтулуу узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болгон инфраст­руктура меселелерин чечүүдө ыраатуулуктун жоктугун көрсөтүп турат. Учурда мамлекеттик карызды тейлөөгө (2016-жылы 20 млрд сомдон ашуун, 9 млрд тышкы карыз, 11 млрд ичик карыз) кеткен чыгымдар экономиканын очойгон тармактарына кеткен чыгымдардан ашып түштү.

– Бири Кыргызстандын мамлекеттик карызы оор абалда десе, башкалары карызы андан да көп өлкөлөрду мисалга келтирет…

– Экономика көлөмү бирдей, бирок мамлекеттик саясат жана мамлекеттик башкаруу сапатынын деңгээли ар түрдүү келген эки өлкө мам­лекеттик карыздын ар түрдүү деңгээлдерин тейлей алат: мамлекеттик башкаруу канчалык жакшы болсо – карызга алуу мүмкүнчүлүгү көйгөй жаратпай ири өлчөмдөгү ка­рыз да оңой тейленет. Ошондуктан АКШ же башка бекем экономикалуу жана сапаттуу мамлекеттик башкаруусу бар өлкөлөрүн Кыргызстан менен салыштыруу туура болбостур.

Булак: Ачык саясат”

3 comments

  • султ says:

    правильно говорит, за долги власти расплачиваются обычные граждане, которые платят налоги, честно живут, пока политиканы воруют наши деньги, пока они набирают кредитов на миллионы и распихивают их по карманам…..

  • элжурт says:

    президентибиз кыйратып мен барда ала бергиле дедиго??? а ким кантип толош керек экенин айткан жок

  • мирбек says:

    кредитти жолго алышат, бирок жолдорубуз бекер, германиядай объездной жолдорду салып туруп акча толоп кирип айдоо системасын киргизип иштетишсе тушунот элем, бирок биздин жепжутарларыбыз андай деңгээлдемес

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *