Эльмира Жумалиева: «Кыргызстан» партиясынын жетекчилиги шайлоо алдында «500 миң доллар алдым» деп тил кат жаздыртышкан

Эсиңиздерде болсо үстүбүздөгү жылдын 11-январь күнү Борбордук Шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы өздөрүнүн жазган арызынын негизинде деген тыянак менен мандатынан ажыраткан. Мандаттан кол жууган дагы алтынчы чакырылыштын депутаты  Элмира Жумалиевачечимдерге негиз болгон арыз август айында, мөөнөтү декабрда жазылганын, мандаттан баш тартам деген арыздан тышкары, партия жетекчилери ар бир талапкерге «500 миң доллар алдым» деп да тил кат жаздыртып алганын айтып чыкты. Сөз учугун өз оозунан угалы…

Элмира айым, партия жетекчилери ар бир талапкерге «500 миң доллар алдым» деп да тил кат жаздыртып алганын айтып чыктыңыз. Ушул тууралуу кеп учугун уласаңыз.

-“Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги бизди шайлоо алдында “Ала-Тоо” ресторанына чогулткан. Ал жерге 160ка чукул талапкер барган. Баарыбыздан «500 миң доллар алдым» деген тил кат жаздырган. Экинчи арызга жетишттүү добуш албасам өз ыктыярым менен мандаттан баш тартам деп кол койдуртушкан. Бирок датасы коюлган эмес. Мен убагында 5-чакырылыштын депутаты катары ал арыздардын юридикалык күчкө ээ эместигин айткам.

Ал эмне болгон акча эле. Партия жетекчилиги эмне себептен андай тил кат жаздырды эле?

-Добуш албай калышса, тизмеден чыкпай коюшпасын деп коркутканы да. Бул  «500 миң доллар алдым» деген тил кат партия тарабынан жазылып келген даяр тил кат болчу, биз  ошого эле кол коюп бергенбиз. Анткени, бизди талапкерлердин тизмесине кирүү үчүн жазышыңар керек дешкен.

Сиз Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан чыгарыңыз тууралуу арыз жаздыңыз беле?

-Жок. Андай арыз жазылган эмес. Булар шайлоого чейинки кол койдуртуп алган арызды колдонуп жатышпайбы. Ал арызды өзүбүз жазган эмеспиз. Даяр эле арызга кол коюп бергенбиз. Эч кандай дата да коюлган эмес болчу. Биз жазган арызда “Кыргызстан” саясий партиясынын фракциясына деп жазылган. Ал жерде Жогорку Кеңештеги фракциясына деп жазган эмеспиз. Арыз туура эмес жазылган.

– Сизди жазды делинген арызда кандай катачылыктар бар?

– Арызда жазылган күнү башка принтер менен кайрадан коюлганы көрүнүп эле турат. Республика деген сыяктуу сөздөр ката жазылган. Баарыбыз бир эле мазмундагы арызга кол койгондуктан баардык арыздарда ката бирдей. Эгерде мен өзүм арыз жазган болсом менин арыздан башкалардыкына окшоп, так ошондой ката чыгышы мүмкүн эмес да. Жогорку Кеңеште өзүбүздүн кеңешчибиз, юристтерибиз бар дегендей. Жок дегенде катасыз жазылат эле да. Анан фракция лидерине жолдонмок дегендей.

-Эми акыйкаттыкка жетүү үчүн кандай аракеттерди көрөсүз?

-Учурда эл аралык сотко кайрылуу үчүн кагаздарды даярдап жатабыз.

-Кыргызстандан жетпеген чындыкка эл аралык сот аркылуу жетсе болобу?

-Албетте мүмкүн. Эл аралык сотко кайрылып, арызды экспертизага беребиз. Жогоруда айтылган арыздагы катачылыктар эле чоң далил болуп берет да. Ошондой арызды алган БШКда да, сотто да мыйзам бузуу бар. Ошону буюрса эл аралык сотто далилдейбиз.

-“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен жолугуп, сүйлөшүүгө мүмкүн болдубу?

-Телефон чалсам такыр эле жооп бербей жатат. Бетме-бет кезигип сүйлөшө элекмин.

Булак: Каганат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *