Элмурза Сатыбалдиев, экс-башкы прокурор: “Штаб түзүлгөндө кырдаалды жөнгө салып кеткенге мүмкүнчүлүк болмок”

– Элмурза мырза, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин кылмыш козголгон ИИМдин ошол кездеги жетекчиси Молдомуса Конгантиев акталды. Ошол эле кезде сиз, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттин ошол учурдагы аппарат жетекчиси Каныбек Жороев айыпталып, абакка отуруп чыктыңыздар. Конгантиевдин акталышын кандай кабыл алдыңыз?

-Мен ар дайым айтам, 2010-жылы революция эмес, төңкөрүш болду. Революция болсо коомдук түзүм өзгөрмөк. Ал маалда укуктук башаламандык өкүм сүрдү. Албетте, ошол учурда мамлекеттин келечеги үчүн саясий стабилдүүлүк керек болчу. Биз ошол үчүн тергөөнүн, соттун чечимдеринин мыйзамсыздыктарына карабай моралдык жоопкерчиликти сезип, чыккан өкүмгө баш ийип абакка кете бердик. Арийне, мен өзүм үчүн жооп берсем, мен түрмөгө отуруп моралдык жоопкерчилик тартканым үчүн сыймыктанам. Эл алдында жүзүм жарык. Коомго, элге ачык чыга алам. Эгер 2010-жылдагы окуяга биздин кандайдыр бир үлүшүбүз же тиешебиз болгон болсо мен жазамды алып чыктым деп эсептейм. Мен бул үчүн эч кимди күнөөлөбөйм. Себеп дегенде мүмкүн бул нерседен етүшүм керек болгондур…

Ал эми Молдомуса Ташболотович боюнча айта турган болсом, юрист катары белгилеп кетейин, кимдир бирөөнү жазага тартыш үчүн айныксыз далил, фактыны мойнуна коюп жазалаш керек. Молдомуса Конгантиев 6-апрелде Таластагы окуяда жабыркап, 7-апрелде саясий окуяларга кийлигише турган абалда болгон эмес. Андыктан бүгүнкү соттун чечими менен макулмун. Анткени ага карата 7-апрель окуясы боюнча күнөө коюу мүмкүн эмес…

– Дал ушул маселе боюнча ошол кезде күч органдарынын куратору болгон Азимбек Бекназаров сиздерге, ошол эле Конгантиевге штаб түзүү боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи…

– Бизде 6 жыл сот болду. Ушул штаб деген нерсенин түбүнө тергөө да, сот да жеткен жок. Анткени штаб болгон эмес. Арийне кырдаал курчуганда сөзсүз түрдө штаб түзүлүш керек болчу. Штаб түзгөнгө премьер-министрдин, президенттин укугу бар болчу. Бирок Таластагы кырдаал күтүүсүз болуп, эмнегедир штаб түзүүнү унутуп коюшту. Эгер штаб түзүлүп, мүчө катары Конгантиев, Жороев, Турсункулов, Сатыбалдиев болгон деген сөздөр айтылса, мунун баары ойлонуп чыгарылган нерсе. Анткени штаб түзүлгөн болсо, штаб түзүлгөнү боюнча буйрук кагаз болуш керек эле. Анын мүчөлөрүнүн тизмеси, төрагасы, орун басары бекитилип, штабдын максаты болуш керек болчу. Тилекке каршы, штаб түзүлбөй, жоопкерчилик болбой калган үчүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя орун алды. Балким, штаб болгондо кырдаалды түздөп, жөнгө салып кеткенге мүмкүнчүлүк болмок беле деп ойлойм.

– Сиздер ошол кезде ал учурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиев менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулаган жок белеңиздер?

– Биз 7-апрелде эки жолу Курманбек Салиевичтин кабинетинде чогулганбыз. Балким ошол нерсени Азимбек Анаркулович штаб деп жаткандыр. Бирок ал президенттин кабинетиндеги эле жыйын болчу. Биз 7-апрелде эртең менен чогулганда Таластагы окуяны талкууладык. Анда Бишкектеги окуя боюнча сөз болгон эмес. Экинчи жолкусунда, Жогорку Кеңешке премьер-министр, башкы прокурор барып Таластагы окуя талкууланып, ошол жерде кырдаал курчуп баратат деп коменданттык саат киргизүү демилгеси көтөрүлүп, мына ошол маселени талкуулоо үчүн жыйын болгон. Бул жыйынга мен, коргоо министри Бакыт Калыев, башкы прокурор Нурлан Турсункулов үчөөбүз өзүбүз кирип барганбыз, эмне болуп жатат биз деле билели деп… Ошондо жалгыз мен каршы чыккам коммендаттык саат киргизгенге… Бул жагдай сотто айтылып, далилденген. Андан кийинки абал президенттин администрация жетекчиси Каныбек Жороевдин кабинетинде талкууланып турган.

– Эми маегибиздин өңүтүн өзгөртсөк, азыркы кезде коррупциялык күрөштүн алкагында эки премьер-министр, эки Бишкектин экс-мэри баш болгон бир катар жогорку кызматта иштеген жетекчилер абакта отурат. Дээрлик бир жылдан ашты, сот процессинин аягына чыкпай жатышынын себеби эмнеде?

– Бара-бара кылмыш саясатын жүргүзүү оорлошуп баратат. Себеп дегенде, кесипкөй тергөөчүлөр аз калды. Анын үстүнө финансылык кылмыш ишин тергөө, далилдөө, аныгына жетүү оор. Бул иш ошол себептен созулуп жатат окшойт. Эми ким күнөөлүү же күнөөлүү эместигин каалайбызбы-каалабайбызбы аны сот аныктайт. Соттун чечиминде баары жазылып, көрсөтүлөт. Ошондон кийин ак же көк деп айтуу мүмкүн. Эми бизде 2010-жылдан кийин сот тармагы талкаланып, кимдир бирөөнүн көрсөтмөсү менен камоо, соттоого жол ачылып калбадыбы. Демек, сот кандай чечим чыгарат мен аны айта албайм. Бирок соттун чечимин ал мыйзамсызбы же мыйзамдуу болобу аткарганга милдеттүүбүз. Себеп дегенде мыйзамга баш ийгенге көнүшүбүз керек.

– Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда президенттик аппараттын сот, укуктук бөлүмүн тейлеп, сотторго көрсөтмө берип, кысым кылып буюртма чечимдерди чыгартканы айтылып келген Манас Арабаев инвесторлордун мүлкүн тартып алууга айыпталып камалып, тергөө менен кызматташып жатат деген негизде, ошол эле экс-президент Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевге каршы көрсөтмө берип үй камагына чыгарылды. Ушул жагдайга кандай баа берет элеңиз?..

-Соттук реформанын алкагында Кылмыш жаза кодекси бир аз өзгөрүүгө учурады. Мына ошол жерде тергөө менен кызматташуу деген статья кирип калган. Эми бул мыйзам менен тергөө менен кызматташты деп туруп кылмышкерлер чыга берет. Демек, ошондой укуктук жагдай жараттык. Эми мындан ары каалайбызбы-каалабайбызбы мыйзамга баш ийип жашашыбыз керек. Андыктан Манас Арабаевдин тергөө менен кызматташып жатат деген негизде үй камагына чыгарылганы мыйзамдык жактан алганда туура. Дал ушул жерде белгилей кетчү жагдай, тергөө менен кызматташып жатат деген негизге таяган статьяны кандай колдонобуз биздин көйгөй ушунда. Бийлик өзүнө ыңгайлуу адамды тергөө менен кызматташып жатат деп чыгарттырып, өзүнө кооптуу, ыңгайсыз адамды кызматташып жатса дагы кызматташкан жок деп абакта калтырып коюуга негиз түзүлбөйт деп кепилдик бере албайсың. Тергөө менен кызматташууга байланышкан статьянын кооптуулугу, коркунучу ушунда. Тандоо саясатын жүргүзүүгө жол чабат…

– Сиз саясатка кайтып, келечекте Жогорку Кеңешке болчу парламенттик шайлоого аттана турганыңызды айттыңыз эле. Кайсы партия менен, кимдер менен биригип шайлоого барасыз?

– Так эле айтам, сөзсүз Жогорку Кеңешке болчу шайлоого аттанам. Мен 2010-жылы өзүмө сөз бергем, 5 жыл саясатка аралашпайм деп. Андан бери 10 жыл болуп калды. Укуктук жактан өзүмө тиешелүү жоопкерчиликти тарттым. Ошондой эле өзүмдү-өзүм жазалап эч жерге аралашкан жокмун. Эми эмне үчүн эл элегинен өтүп өзүмдү сынап көрбөшүм керек. Албетте, менин шайлоого катышуума мыйзам жол береби деген суроо туулушу мүмкүн. Ачык айтайын мыйзам жол берет. Арийне, кимдер менен барам бул маселе азырынча чечиле элек. Анткени шайлоого барыш үчүн сөзсүз бир партиянын тизмесине кириши керек. Бүгүнкү күндө эч бир партияны тандай элекмин. Кайсы бир партия менен көз карашым туура келсе, мен ал партиянын программасын эмес, ошол партиянын лидерин, ал партияда кимдер бар деген маселеге көңүл буруп, инсанды тандап барам.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *